Чыныбай барга топук кылыш керек болчу

Саясаттын арканын тартам дегендердин көбү тайрайып мурду менен жер сүзүп жатып
каларын көрүп эле келатабыз. Кимдер гана бутунан эмес, тилинен аксабады дейсиң?
“Мен кыйынмын!”—деп өпкөсүн каккандарды каккан казыктай саясат жерден чыккыс
кылып кагып жиберди го? Эмген сайын бир боорсок боло бербейт турбайбы, бул
турмушта туугандар. Ошондой окуянын бири тууралуу анда эмесе кеп таштайлы.
Чыныбай Акунович тууралуу мурда анчалык деле кеп токулчу эмес. Бирок ажо
болмокчумун деп сокбилегин темингенден кийин көп сөз ырбап кетти. Баягы тегеренип
жанында жүргөндөрдүн бири жок. Жакасы бөлөктүн жаны бөлөк деген ушу турбайбы.
Тегирмен тегеретип жүрүп нык толгон кишинин көкүрөгүн дагы май басып кетерин
көрүп көзгө тирсек чыгып кетпедиби дегендей эле кеп болду. Негизи спикерлик
кызматты чанган кишини мурда көрбөптүрбүз. Акыйкатына келсек бул өтө үлкөн кызмат
да? Резиденцияда турак-жайы, алдында иш бөлмөсү, унаасы, жан сакчысы, жардамчысы,
ашпозчусу бар. Мындан ашык эмне керек пендеге? Топук кылыш керек да, секире
бербей. Алды, артын ойлонгон соң Чыке мурдагы кыялдарынан баш тартыптыр. Падыша
болбой эле оокатымды кылайынчы деген пикирге келгени бир жагынан туура болду.
Ошентсе да баягындай көз караш калыбында калды дегенден алыспыз. Эми анын
тагдыры кандай чечилерин байкоого алып туралы.

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу