Чыныбайдын чубалган “кримкуйруктары” качан үзүлөт?

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциядан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен 47 ири объект улутташтырылган. Алардын ичинде Максим Бакиевге таандык Бишектеги ликер-арак заводу, “Акылинвест” банкы да болгон. Улутташтырылгандар мыйзамга ылайык, мамлекеттин менчигинде калтырылып, чарбалык иштерин улантуулары, же ачык аукциондо сатылышы керек болчу. Бирок АШАнын тушунда алардын 34ү гана мамлекеттин менчигинде калтырылып, калгандары ар кандай жолдор менен ар кимдердин менчиктерине өтүп кеткен. Алардын бардыгын иликтегенге убакыт жок, биз бул жерде чала адабиятчы, чала акын, чыныгы тегирменчи жана чала саясатчы, убагында “АШАнын кошёлогу” деген ардактуу наамга арзыган КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков жакындары аркылуу мыйзамсыз менчиктештирип алган Бишкектеги ликер-арак заводу, “Акылинвест” банкы жана анын имараты тууралуу айткыбыз келет. Чыныбай Турсунбеков убагында А.Акаевдин да, К.Бакиевдин да капчыктарынан болуп жүргөндүгүн жакшы билебиз. Мурда жөнөкөй капчыктардын гана бири болсо Бакиевдерди жининен жаман көрөм дегени менен алардын өнөктөштөрүн колдогон Алмаз Атамбаевдин тушунда саясый, коомдук макамы кескин жогорулап, КСДП партиясынан ЖКга депутат, анан салмагы андан да артып “кошёлокко”, болгондо да жөнөкөй эмес, ажонун кошёлогуна айланды. Ошентип АШАга “шопурдай” жакын, кызматтан кызматтарга эликтей секиришкен “узун буттарына” узун такалары жарашкан “милашкалардан” да сүйкүмдүү болуп, иши жүрүшүп турган убакта Чыныбай мырза Бишкек-арак заводун, анан “Акылинвест” банкын, дагы бир аз убакыттан кийин анын борбор калаанын так ортосундагы имаратын сатып алган. Бишкек ликер-арак заводу Жумгалбек деген бир тууган кайнисине катталган, “Акылинвест” банкы имараты менен аялы Нуржан Тентимишовага жазылган, бирок алардын артында Чыныбай Турсунбеков тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Алардын бардыгы мыйзам чегинде, ачык аукциондо, өз бааларында Ч.Турсунбековдун жакындарына өткөрүлсө да бир жөн эле, биз анда анын жакындарынын кызыкчылыктарын сүрөөгө алып, мамлекеттик кызматкердин этикасына ылайык келбеген иш кылгандыгы тууралуу гана айтмакпыз, бирок маселенин баары — анын жакындары ачык аукциондордо түгүл, жабыктарында да эмес, уурулардай эч кимге билдирбей жашыруун түрдө, ит арзан бааларда сатып алгандыктарында болуп жатат. Бишкектин так ортосундагы бир сотук жер аянтынын баасы канча экендигин жакшы билесиздер. Адистердин айтымдарында, азыркы Бишкек ликер-арак заводу жайгашкан жердин таза өзүнүн баасы 5 миллион долларга же 340 миллион сомго жакынды түзөт. Ага карабастан завод жер-пери менен адегенде 133,6 млн. сомго бааланып, анан белгисиз себептер менен баасы эки эсе арзандатылып, 66 млн. сомго сатылган. Заводдун уставдык капиталы 53 млн. сом экендиги эске алынганда, ал болгону 13 млн. сомго же бир чоң батирдин баасында эле сатылганы дайын болот. Ал заводдун бир жумада чыгарган продукциясынын көлөмүнө да жетпейт. Бишкек ликер-заводунун жең ичинен сатылып кеткендиги коомчулукка билингенде чоң жаңжал чыккан, аны өзү сатып алгандыгын Чыныбай Турсунбеков жанын жеп танган, бирок ал мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирилген мыйзамсыз ишке карата карата “коррупция менен мендей күрөшкөн эч ким болбой калабы” деген ажо А.Атамбаев эч кандай реакция жасаган эмес. Ооз учунан болсо да нааразылыгын билдирбегендиктен, жарамазандай айтылып-айтылып, анан унутулуп кала берди. Ал аферанын артында турган Ч.Турсунбеков көп өтпөй парламенттин спикерлигине шайланган. Көрсө, заводдун олчойгон “шапкеси” алкымы араандай ачылган АШАнын чөнтөгүнө барып түшүп, кулагын-укпас, көзүн-көрбөс кылып салган тура. Алкоголдук өндүрүш дүйнөнүн бардык жеринде эң рентабелдүү тармак деп эсептелет. Бишкек ликер-арак заводунан алына турган кирешелер жеке бирөөнүн чөнтөгүнө куюлгандан көрө, бюджетке түшүп турганы жакшы болмок. Бирок тойбос АША аны да жасалма кудуретсиздикке учуратып, “кошёлогуна” берип, андан алчусун алып алган. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Максимдин, А.Елисеевдин ишенимдүү адамы Георгий Чесноковго катталган “Акылинвест” банкы да имараты менен камакка алынып, жогоруда ысымдары аталгандарга карата кылмыш иштери козголгон. Тагыраак айтканда, “Акылинвест” банкы улутташтыруу боюнча тизмеге кийин киргизилсе, анын имараты алгачкы эле тизмеде болгон. Мыйзамга ылайык, кылмыш иштерине тиешеси бар кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сотто каралып, тийиштүү чечим чыгарылмайынча сатканга болбойт. Бирок 2014-жылдын башталышында алгач “Акылинвест” банкы Ч.Турсунбековдун аялы Нуржан Тентимишовага 4 млн. 495 миң долларга, акциялары толугу менен 110 млн. сомго, андан кийин Биринчи май райондук соту тарабынан аталган банктын имараты камактан 2014-жылдын 30-декабрында чыгарылып, ал да жогоруда аталган айымга 180 млн. сомго сатылган. Бул процедуралардын бардыгы тийиштүү мыйзамдарды тебелеп тепсеген рейдерлик ыкма менен ишке ашырылгандыгы жөнүндө убагында ЖКнын экс-депутаты Бегалы Наргозуев көп айткан. Баш мыйзамдын гаранты Атамбаев Ч.Турсунбековдун аялы экөөсүнүн бул иштери.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу