Чыныбайга эскертүү болдубу?

Кечээ күнү гезиттердин биринде Чыныбай Турсунбеков жөнүндө өтө кызыктуу жаңылык чыкты. Көрсө, жазында ал киши айтылуу «соттордун кожоюну» болгон Манас Арабаев менен Карганбек Самаковдун акталышына арналган акчаны талашыптыр. Бул сүйлөшүү аудиого түшүп калган имиш. Чыныбай мырза акыркы кезде Алмазбек Атамбаевдин 7-апрель көчөсүндөгү кеңсесине кайра- кайра каттаганын токтотпосо, мындан сырткары дагы өтө кызыктуу маалыматтар жарыяланышынан шек жок деген сөз чыкты. Чыке азыртадан кайсыл жээкти тандап алышты аныкташы керек болуп туру. Жарык көргөн маалымат ага биринчи гана эскертүү болушу мүмкүн.

Булак: “Жаңы ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу