Чынгыз Айтматов атындагы сыйлык керекпи?

Депутаттар Чынгыз Айтматов атындагы медалды белгилөө сунушун алып чыгышты. Аны менен көбүнчө адабият, маданият өнөр тармагындагыларды сыйлооо каралып жатыптыр. Албетте бул кадам туура эле жасалып жатат дегендер арбын. Анткени каалайбызбы жокпу кыргыз деген атты планетага тараткан дал ушул Айтматов.  Айрым бирөөлөр түркөйлүк кылып “Айтматов кыргызга  эмне кылып берди эле?”- деп калышат. Белгилүу адабиятчы Салижан Жигитов айткандай Айтматов кыргыз болуп төрөлүп, чыгармалары планетага тарагандыгы менен кыргызга кызмат кылды. Азырынча кыргыз окурмандары чындыкты айтсак,  Айтматовду көп окушкан жок. Айрымдары тамашалап айткандай чыкенин чыгармаларын жүз жылдардан кийин тытып окуп калышат дейт.  Чын эле ошондой болоор. Медаль чыккандан кийин мен кыйынмын деген кыргыздар ошол сыйлыкты талапаса эле болду.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу