Чынар Капарова: эл КТРКнын эшик-терезесине эмес, контентине баа берет

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер Чынар Капарова бүгүн парламенттик жыйында Илим Карыпбековдун жумушун сындап, ал тургай мыйзамсыз иштеп келе жатканын билдирди.

Депутаттар талапкерлерге Коомдук каналдын азыркы башчысы Илим Карыпбековдун жумушуна кандай баа бересиздер деп суроо салган.

Талапкерлердин бири, каналдын мурдагы диктору Чынар Капарованын айтымында, Илим Карыпбеков чоң саясий катачылык кетирген (кандай катачылык экенин ачыктаган жок).

“Ошол катачылыктан кийин өз эрки менен жумуштан кетиши керек болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат… Эшик-терезени оңдоду деп эле мыкты менеджер деп ордуна кое бербеш керек. Бул бүгүнкү күндүн талабы эмес. Эшик-терезени оңдосо, бул анын КТРК кызматкерлеринин алдындагы милдети. А директордун милдети – элге сапаттуу контент берүү”, – деди Капарова. 

Талапкер КТРКнын ишине эл кеңседе оңдолгон эшик-терезелер менен эмес, берүүлөр аркылуу баа бере турганын кошумчалады.

Мындан сырткары ал Коомдук каналдын курамында каналардын саны көбөйгөн менен “каналды эл көргүсү келбей” калганын кошумчалады.

Чынар Капарова КТРКнын Байкоочу кеңешине позициясы бекем адамдар келмейинче алар ээрчиме боло берерин да айтып өттү.

Бүгүн ЖКда КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлап жатышат. Беш талапкерге суроолор берилүүдө.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу