Чынар Капарова: «Илим өтпөй калса капа болчудай болуп турам»

КТРКнын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков менен журналист, алып баруучу Чынар Капарованын ортосундагы тирешүү дагы да уланууда. Пикир келишпестиктин айынан Чынар Капарова жумуштан кеткени маалым. Ал  кайра КТРКнын байкоочу кеңешине мүчө болууга аракеттенип, Жогорку Кеңештеги тандоодо өтпөй калган эле. Эми ал Илим Карыпбеков менин айланамда айтылган терс пикирлерди жокко чыгаруу үчүн экинчи мөөнөткө барууну чечтим деп айтканы бар.

КТРК жетекчилигине талапкерлердин тизмеси чыккандан кийин Чынар Капарова Карыпбековго байланыштырып:

«Илим өтпөй калса да капа болчудай болуп турам. Же сага жок, же мага жок деп», — деген пост жазып чыкты.

Капарованын көпчүлүк катталуучулары тамаша чынын аралаштырышкан пикирлерин жазып калтырышууда.

Булак: Барометр

Аргумент.kg
Жооп калтыруу