Чынар Капарова, журналист: «Өзбекстан менен такталган чек ара маселесин саясий кызыкчылыктар үчүн бурмалагандар чыгат»

Белгилүү теле алып баруучу, журналист Чынар Капарова Өзбекстан менен Кыргызстандын тактала элек чек ара аймагындагы талаш маселелерге чекит коюлуп жатканын туура деп эсептейт. Ал, мамлекеттин мындай саясаты тууралуу пикирин интернеттеги «Фейсбук» социалдык баракчасына жазып чыкты: «Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык. Анын сыңарындай, Президент Сооронбай Жээнбековдун кошуна мамлекеттер менен мамилени жакшыртуу аракеттерине күбө болуп жатабыз… Айтайын дегеним, Өзбекстан менен чек араны тактоо багытында олуттуу аракеттер көрүлүп жатат. Ошентсе да мындай саясий чечимдер боюнча ар башка пикирлер жаралбай койбойт экен.

Эң кызыгы, бул чечимдерди жеке кызыкчылыгына колдонуу аракетин көрүп, “жер сатты” деп кыйкырып чыкчулар четтен табылышы мүмкүн. Бирок, көптөн бери тынчыбаган аймактар такталып, биротоло чекит коюлса, дагы бир уулун үй-жайлуу кылып тынчып калган үй бүлөнүн сүйүнүчүндөй эле кабыл алынаары анык. Өзбекстан менен болгон чек араны тактоо чек арада жашаган элге абдан маанилүү. Ошондуктан бул чечимди саясий максаттар үчүн бурмалабай, келечек үчүн түшүнүп, колдоп кабыл алышыбыз керек. Чек арасы такталган мамлекет гана өнүгө алат, тынчтыкта жашайт. Баса, өлкө башчыбыз чек ара маселесине кайдыгер эмес экенин көрсөтүп, чек арачылардын абалынан кабар алганы, жоокерлер менен чогуу тамактанганы, аларга дем берип, шыктандырганы… Мындай жупуну жөнөкөйлүк сапаты ишеним гана жаратат. Президентке бекем эрк каалайбыз!»,-дейт журналист Ч.Капарова.

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу