Чынара Капарова, теле алып баруучу: «Аялзаты кырк жаштан өткөндөн кийин беттин терисине 2-3 эсе жакшы кам көрүшү шарт…»

Аялзаты кырк жаштан өткөндөн кийин отуз жаштагыга караганда беттин терисине 2-3 эсе жакшы кам көрүшү шарт. Анткени кырктан кийин тери жашарбайт, картаюуга гана багыт алат. Кайгырып, бетти бырыштырып же болбосо өтө каткырып күлгөндөн, уктаганда бир каптал менен жаткандан сактаныш керек. Бир капталы менен жата берген адамдын ошол жак бетинде бырыш көп болуп, бет ылдый шалбырай баштайт. Биздин курактагы айымдардын косметологдорго каттап турганы жакшы. Аны менен эле чектелбей үй шартында тынымсыз кам көрүп туруу зарыл. Мен эмне жер-жемиш жесем: бананбы, помидорбу, бадыраңбы, ошону менен бетимди сүртө берген адатым бар. Суук түшөрү менен дарыканадан А, Е витаминин алам да, бет майга аралаштырып сүйкөй берем. Аларды да койсо беттин терисине жакшы жардам  берет. Күндүз бетиме нымдандыруучу, кечинде азыктандыруучу бет май колдоном, ошол туура.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу