Чыке сууга түшкөн чычкандай болуп, ажого жолуга албай бушайман болууда

Негизи коммерциядан көтөрүлүп, мамлекеттик кызматка келген адамдын табияты бизге белгилүү. Саясаттын оош-кыйыштарына, миң түркүн жолдоруна чыдашы кыйын.Түрдүү оюндардан аксап, бат эле моралдык-психологиялык жактан чарчап калышы ажеп эмес. Ансыңарындай, башта президенттик шайлоого чыга турганын эки-үч курдай жар салган Чыныбай Турсунбеков соңку күндөрү Алмазбек Атамбаевдин «добросун» ала албай, ага жолугуу кыяматтай сезилип, бушайманга батыптыр. Образдуу белгилесек, кудум эле сууга түшкөн чычкандын кейпинде…Президентке жолукса, буга чейинки катачылыктары үчүн кечирим сурап, анын айтканы боюнча саясат жүргүзүүнү максат кылыптыр. А болбосо акыбалы оорлошуп, күздө президенттик кресло тургай, спикерлик ордунан  да айрылып калуу коркунучу келгени, ошого катар шакылдап кылмыш иштери козголуп кетиши да мүмкүн экен. не кылсын эми? Сакталып калуунун жолун издесе керек, күн-түн уктабай…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу