Чуулгандуу камоолор. Исаков, Кулматов жана Артыкбаева эмнеге камалды?

Ушул жылдын 5-июнунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу камакка алынганы маалым болду. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Соттун токтомуна ылайык С. Исаковдун баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тууралу тил каттан камакка алууга өзгөрдү. Борбор калаанын мурдагы К. Кулматовдун баш коргоо чарасы дагы эч жакка чыкпоо тил катынан УКМКнын СИЗОсунда кармоо чарасына өзгөрдү. Экөө тең тең КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү Башкы прокуратура ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата да ошол эле 303-берене (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Андан көп өтпөй О. Артыкбаева дагы УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
Албетте, булардын эмне себептен камакка алынганын коомчулук эң сонун эле билип турат. Ошентсе да, аларга кандай айыптоолор коюлганын, эмнеге УКМКнын СИЗОсуна тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынышканын эске салып койсок ашыкча болбойт чыгар.Исаковдун «ишпалдасы» Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду ага чейин төрт ирет УКМКга суракка чакырышты.
Биринчи жолу ал ушул жылдын 26-апрелинде чакырылды. Анда УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков «Бишкек ТЭЦин модернизациялоо» долбоорун реализациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКга суракка чакырылды» деп билдирген.
Бирок, ал убакта Исаков ал иш боюнча күбө катары суракка чакырылып аткан.
Эске сала кете турган жагдай, ага чейин бул иш боюнча 7 адам камакка алынган – «Улуттук энергетикалык холдинг компания» ААКсынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электрдик станциялар» ААКсынын мурдагы гендиректору, кийин Жалал-Абад шаарынын мэри болгон Салайдин Авазов, «Электрдик станциялар» ААКсынын гендиректорунун мурдагы орун басары Ж. Назаров, «Электрдик станциялар» ААКсынын гендиректорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоев, «Электрдик станциялар» ААКсынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков, «Электрдик станциялар» ААКсынын гендиректору Узак Кадырбаев, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча директор Темирлан Бримкулов.
С. Исаковду экинчи ирет УКМКга 14-майда чакырышты. Анда да ал күбө катары чакырылды. Бирок, 29-майда үчүнчү ирет Комитетке чакырууда ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Анда ага эч жакка чыкпоо тил катын берүү чарасы көрүлгөн.
УКМКнын маалыматы боюнча С. Исаков 2013-жылы КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары рангасындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп туруп, «Бишкек ТЭЦин Модернизациялоо» долбоорун реализациялоодо өзүнүн саясий абалын пайдалануу менен бир топтогу адамдар менен алдын ала пландаштырылган жол менен подрядчиктерди тандоо конкурсунда чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн, анын жыйынтыгында мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыгына өзгөчө ири суммада зыян келген.
Буга кошумчалай кете турган нерсе, 17-майда парламентте ТЭЦтеги авариянын себептерин иликтөөгө алган убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алынган. Ал токтомго депутаттар мурдагы премьер-министр С. Исаков жана «Улуттук энергохолдингтин» экс-башчысы А. Калиевдин жоопкерчилигин кароо боюнча жобо киргизишкен. Кулматовдун «куйругу» 11-майда ал кезде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматын ээлеп турган Кубанычбек Кулматов УКМКнын антикоррупциялык кызматына чакырылган. Аталган ведомство бул чакыруунун себебин билдирген эмес, бирок «Кулматов кайсы бир кылмыш ишине күбө катары өтөт» дешкен.
Ал эми 18-майда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылды. Андан кийин анын мүлктөрү камакка алынды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2014-жылы К. Кулматов борбор калаанын мэри кызматын ээлеп туруп «Бишкек ТЭЦин модернизациялоо» долбоорунун алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан региондордо эки жаңы мектепти куруу үчүн деп берилген гранттык 2 млн АКШ доллары суммасындагы каражатты мыйзамсыз пайдаланган. К. Кулматов ал каражатты КР өкмөтүнүн карамагынан Бишкек шаарынын «Калыс Ордо» конушуна мектеп куруу муктаждыгы бар деген шылтоо менен муниципалитеттин карамагына багыттап жиберген.
«К. Кулматов «Альто Групп» ЖЧКсынын жетекчилиги менен сүйлөшүүгө барып жана конкурсу жок тандоо менен келишим түзүп, кытай компаниясынан 1 млн АКШ долларын түздөн-түз аталган жеке компаниянын счетуна котортууга жетишкен. Ошондой эле шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом «Калыс-Ордодогу» мектептин курулушун аяктоо үчүн бөлүнгөн», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө. «Альто Групп» ЖЧКсынын жетекчилеринин бири азыркы тапта УКМКнын СИЗОсунда жатат.
Кулматов экинчи ирет 21-майда суракка чакырылып, ошол күнү ал мектепти куруудагы коррупция боюнча фигуранттардын бири катары өтө турганы анык болгон.
Артыкбаевдин «илинчеги» 
Жогоруда белгиленип кеткендей, 17-майда парламентте ТЭЦтеги авариянын себептерин иликтөөгө алган убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алынган. Токтомдон сырткары депутаттар мурдагы премьер-министр С. Исаков жана «Улуттук энергохолдингтин» экс-башчысы А. Калиевдин жоопкерчилигин кароо боюнча жобо киргизишкен.
Комиссиянын тыянагында Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча КР өкмөтүнүн тиешелүү токтомдору жана буйруктарына Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Эрлан Абдылдаев, Ольга Лаврова, Алмамбет Шыкмаматов, Темир Сариевдер кол койгону белгиленген.
Ошентип 5-июнда Башкы прокуратура тарабынан ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кытайлык ТВЕА компаниясы менен пайдасыз контракт бекиткенге айыпталган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2013-жылдын 24-майында КР президентинин резолюциясы менен бирге энергетика министри О. Артыкбаевге Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы С. Исаков жана финансы-экономикалык анализ жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы Н. Ахметованын биргелешкен каты келгенден кийин О. Артыкбаев дал ошол компания менен контрак түзүүнү эртелетүү боюнча ишти жүргүзгөн. Себеби, жогоруда белгиленген биргелешкен катта ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө басым жасалган.
Ошентип кытайлык компания менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Бирок, башкы прокуратуранын маалыматы боюнча О. Артыкбаев өзүнүн орун басары А. Калиев менен жана «Электрдик станциялар» ААКсынын директору С. Авазов, анын орун басары Ж. Назаров болуп чогуу кытайлык компаниядан техникалык-экономикалык негиздемени жана башка техникалык документтерди талап кылышкан эмес. Мунун баары милдеттүү түрдө талап кылына турган документтер болчу.
Ошентип 2013-жылдын 16-июлунда эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка милдеттүү техникалык документтери жок эле, Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес шартта «Электрдик станциялар» ААКсы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда Бишкек ТЭЦин 386 млн долларга модернизациялоо боюнча Контракттык келишим түзүлгөн.
Жыйынтыгы кандай болгонун көрүп атабыз. Бир кычкачтын баасы 640 долларга чыгып кеткени эле эмнени каңкуулайт? Демек, алар баарына мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек. Эл да ошону күтүп турат. БУЛАК:maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу