Чуркоо менен мээнин байланышы…

Чуркоодон соң чарчоо абалы кадимки эле көрүнүш. Бирок эң негизги жетишкендик андан ары аны улантуу болуп саналат»,- деп айтат окумуштуу Бен Мартынога. Чуркаган кезде дене ооруну, өзү тазалап чыгат экен.

Узакка чуркаган учурда мээ кичирейет. Илимий изилдөөлөр боюнча, аралыкка чуркаган (марафон) адамдардын мээси кадимки абалдан, кыйла кичирейери белгилүү болду. Бендин айтымында дененин физикалык чарчоосу, мээнин да чарчоосуна алып келет.

Чуркоо үчүн төрөлгөнсүз. Эгерде айланабызга көз чаптырсак, бардык адамдар иштөө, чуркоо үчүн төрөлгөн. Чуркоо менен сиз ар дайым дени сак жана жеңил жүрөсүз. Ошондой эле мээңиз жакшы иштеп, көптөгөн ийгиликке жетишесиз.

Жалкоо бир дене түзүмү, жалкоо мээ дегенге барабар. Бендин айтымында күнү бою убактысын бекер өткөргөн адамдардын ден-соолугу кооптуу, деп айтат. Мындай жалкоо адамдардын бир гана дене түзүмү жабыркабастан, анын мээсинин клеткалары дагы зыянга учурайт.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу