ЧУКУЛ КАБАР! Шекербек Камчыбек Уулу: Аксы, Ала-бука, Чаткал районунда Өзгөчө кырдаал абалы киргизилди!

Бүгүн  этре менен Кашка-суу айыл өкмөтүнө караштуу жерде  Аксы, Ала-бука, Чаткал райондорун бириктирген көпүрө жараксыз абалга келген.  Эске салсак, быйыл кышта кар  оор жаагандыгынан, тоолордо мөңгүлөр көп болгон. Акыркы күндөрү аба-ырайы катуу ысыганынан тоолордогу мөңгүлөр эрип,  көпүрөнүн  түбүн суу жеп, жараксыз абалга келген. Мындан сырткары, Кара-башат, Туюк деген айылдардын четтерин жана эгин талааларын суу алып кеткен.

Ушундан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул аймактарда өзгөчө кырдаал абалын киргизгени тууралуу жарандык активист, айылдык кеңештн депутаты Шекербек Камчыбек Уулу кабарлады.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу