ЧУКУЛ КАБАР- Аксыда Тегирмен-Сай айылын сел каптап, курчоодо калган 5 үй-бүлө куткарылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында селдин курчоосунда калган 5 үй-бүлө куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Авлетим айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылында сел түшүп, Авлетим-Товар-Сай ички чарбалык унаа жолун жана жол боюнда жайгашкан турак жайларды каптаган. Селдин курчоосунда калган 5 үй-бүлө 1 жарым саат аралыгында куткарылып, коопсуз жайга алып чыгарылган.

Ошондой эле маалыматта селдин натыйжасында адам өмүрүнө зыян келбегендиги, келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү учурда такталып жатканы айтылат.
Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу