Чудинов эмнеге ыйлады?

31-августта эгемендүүлүктү майрамдаганда Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк саясатчыларды борбордук аянтка топтободу беле. Анда парламенттин мурунку төрагасы, экс-премьерлер, экс-министр, экс-депутаттар олтурган. Президенттин бул кадамы
өзгөчө Игорь Чудиновго аябай жагыптыр. Карганбек Самаковдун иши менен сот жообуна тартылып, депутаттык мандатынан ажыратылгандан бери Чудинов да элге аралашпай калган да. Майрамдык кечеге чакырылып, экс-премьерлердин катарына олтурганына жетине албай “Мени Атамбаевдин тушунда канча куугунтуктады эле. Соттогондон кийин болду эми элге деле аралаштырбаса керек. Булар бийликте турганда ушундай күн менен бул дүйнөдөн өтүп кете берет окшойбуз деп ойлогом. Азыркы бийлик баарын чакырып, орду-ордуларына олтургузуп жатат. Ынтымак деген ушул» деп көзүнөн жаш агызып жибериптир. Атамбаевден кутулганына сүйүнсө керек…

Булак: Жаңы Ордо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу