Чудиновдо 5 грамм да бет жок экен го…

Бүгүн Октябрь райондук сотунда  Чубактын кунундай созулган Самаковдун соту уланды. Анда акыркы сөз алып сүйлөгөн депутат Игорь  Чудинов “чу” дегенде эле, “мен тазамын, аппакмын, эч кандай тиешем жок”- деген кыязда бетин тултуйтуп,  «балп» этти дейсиң. Анын мындай акылга сыйбаган сөзүн уккандар жанына чыдап тура албай бир кыйналып кетти окшойт. Актануунун да чеги болот. Чудинов премьер-министр болуп турганда 262 гектар жер үчүн токтоосуз токтом чыгарган. Кыскасы,  бул соттук иште эң башкы күнөөкөр дал ушул адам. Деги эле, ал анын башка дагы толгон-токой коррупциялык иштери бар. Алар эмнеге эмгиче иликтөөгө алынбайт да, бул депутат абакка жабылбайт?! УКМК баштаган укук коргоо органдары уктап жатышабы? Ойгону, ойлонуп иш кылышпайбы? Кыскасы, Чудикең таза адам болгондон айланса болот, мындайлар эң ыпластын, ыпласы эмеспи…Муну эл деле эң сонун билет.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу