Диний ишмер Чубак Жалилов коррупцияга аралашкандарды өлүм жазасына тартууну сунуш кылды. Бул тууралуу пикирин «Азаттыкка» билдирген.
Чубак Жалилов, Бишкектин Жылуулук электр борборундагы жана Улуттук тарых музейиндеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, жемкорлорду өлүм жазасына тартуу жөнүндө сунушун радиолордун биринде угармандар менен интерактивдик баарлашуу учурунда айтты.
— Биз кыйынбыз го, «Орусияда ушундай экен, Европада мындай экен» дейбиз. Эмне үчүн Кытайды айтпайбыз? Мен Кытайдагы колун, башын кескен мыйзамын колдойт элем. Бул жерде мен – Чубак ажы молдо болгонум үчүн эмес, улуу Кытай кошунабызды мисалга тартып жатам. Кытайда ушундай практика бар экен, коррупция кылгандардын башын алышат экен. Биз да ошондой кылышыбыз керек, — деген Чубак Ажы.
Булак: NazarNews.kg