Чубак ажы: «Жыныстык алака адамды жашартат»

Айтылуу аалым Чубак ажы Жалилов жыныстык катнаштын адам организмине тийгизчү пайдасы тууралуу айтып чыкты.

“Азия ньюс” гезити мурдагы муфтий, ислам аалымы Чубак ажы Жалиловдун кезектеги маегин жарыялады. Басылманын башкы редактору Аслан Сартбаев соңку убакта аалым менен утур-утур маектешип, сандан-санга чыгарып келатат.

Бул жолку маекти Чубак ажы 9-мартта диний жана маданий ишмерлер менен кошо Москвадагы кыргыздар уюштурган Мавлид кечесине барып келгени жана андагы таасирлер тууралуу баштап, шариаттагы аңчылык эрежелери боюнча суроого жооп берүү менен уланткан.

Маектин соңунда журналист сөзүн капыстан эле аял-эркек алака-катышына буруп, “жыныстык катнашта көп болуу он чакты оорудан арылта турганын медиктердин кеңешинен окуган жайым бар. Сиз кандай ойлойсуз, күнүгө интимдик кошулуу болуп турса зыян эмеспи? Эми бул жагы жаш куракка, бел күчтүн кубаттуулугуна жараша да “жемишин” берсе керек?” —  деген суроо салат.

Чубак ажы шыр эле секстин адам организмине пайда-зыянын санап, төмөнкүчө саймедиреп берген:

“Албетте, акыркы изилдөөлөр боюнча жыныстык мамиледе көп болуунун пайдаларын дарыгерлер да белгилешүүдө. Мисалы:

Чарчоону кетирет. Анткени жыныстык мамиледе болууда дене өзүнөн допамин (дофамин) бөлүп чыгарат, ал чарчоонун гормондорун кетирет. Стрессти жокко чыгарат. Артериалдык кан басымды төмөндөтөт.

Эркек киши жумасына үч жолудан кем эмес жыныстык катнашта болууну туруктуу карманса, анда жүрөктүн миокард оорусуна кабылуу коркунучу адаттагы адамга караганда эки эсеге аз болот.

Адамдын эс тутумун жана гормоналдык системасын мээнин гипоталамус деген бөлүгү башкарат. Ал бактылуулук гормонун бөлүп чыгарып, эс тутумду жакшыртат.

Жыныстык байланыш учурундагы кыймыл-аракет жүрөк булчуңдарын жана кан тамырларды бекемдейт. Бул өз учурунда адамдын организминдеги кан айлануунун жакшыруусун шарттап, жүрөктүн нормалдуу иштешин камсыздайт.

Интимдик катнаш учурунда бөлүнүп чыккан эндорфин гормону организмде кан менен кошо айлануу аркылуу баш ооруга дары болот.

Арыктоого шарт түзөт. 30 мүнөттүк жыныстык алакадагы иш аракет 85 килокалорийди жокко чыгарат.

Спермоплазманын курамындагы цинк, кальций элементтери жана башка минералдар тиштин эмалынын бузулуусунун алдын алат.

Жыныстык мамиле адамды жашартат. Ал эстрогенди көбөйтүп, чачты жагымдуу жана жандуу кылып, теринин сыйда жана сүйкүмдүү болуусуна алып келет.

Миле учурунда бөлүнүп чыккан тестостерондогу пайдалуу минералдар сөөктү жана булчуңдарды бекемдөөгө себеп болот.

Фиброздук-кисталык мастопатияга кабылууга тоскоолдук болот. Спермоплазма буга жол бербей турган табигый суюктук катары кызмат кылат.

Сексуалдык жаатта толук канааттануу менен жашаган адам коомдо өз ордун таба билет, психикалык жактан да саламаттыкка ээ болот. Ал өзүн ар дайым керектүү сезет, моралдык жактан аксабайт. Өзүн ишенимдүү алып жүрөт.

Аялдын этек кири келүүнүн мөөнөтүн так жана туура абалга алып келет.

Иммунитетти чыңдайт.

Убакыттын өтүүсү менен аялдардын чат булчуңдары начарлап, заарасын кармай албай турган абалга кириптер болуусу мүмкүн. Көп жыныстык мамиледе болгон учурда, бул оору да алыстайт.

Туруктуу жыныстык мамиледе болгон аялдардын мастит оорусунан сактануусуна да себеп болорун маммологдор белгилешкен.

Уйкуну жакшыртат, анткени жыныстык мамиле учурунда бөлүп чыгарылган окситоцин менен эндорфин адамдын уктоо жөндөмдүүлүгүн жөнгө салуучу функцияны да аткарарын унутпаңыз.

Жыныстык мамиледе көп болуу, эркектин көбөйүү мүчөсүнүн талаптагыдай чыңалуусу камсыздайт.

Өмүрдү узартат.

Эркектин уругунун сапаттуулугун арттырат.

Рак оорусуна чалдыгууну азайтат. Бир айда 21 жолудан кем эмес уруктугун жыныстык мамиле аркылуу сыртка чыгарып тургандар рак оорусуна башкаларга караганда сейрек чалдыгышат экен.

Кан басымды нормалдаштырат.

Бирок мына ушунун баары адал нике менен болуусу кажет. Аялынын муктаждыгын канааттандырган адам садака берген соопту аларын пайгамбарыбыз Алейхис Салам белгилеген. Ошондой эле аялы менен кошулганда эркек иши бүтөрү менен эле нары карап жатып албастан, анын да муктаждыгын бүткөрүүсүнө өбөк көрсөтүүнү осуяттаган.

Канчалык көп же андан азыраак жыныстык мамиледе болуу керектигин шариатыбыз жубайлардын эркине калтырган. Жубайлардын ырахаты, алардын каалоосу, арамдан тосулуусу, алардын муктаждыктары бул маселени жөнгө салат. Ошондой эле алардын ден соолугу да, физикалык кудуреттери да мааниге ээ болот”, — дейт белгилүү ислам аалымы.

Чубак ажы соңку кезде аял-эркек алака-катышы тууралуу кенен-кесири кеп салып, түз эфирлерде ушул багытта түшкөн суроолорго шарият жоболоруна таянуу менен ачык-айкын жооп бергени үчүн коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнүн сынына да кабылып жүргөнү белгилүү.

Булак: Кабар 24

Аргумент.kg
Жооп калтыруу