Чубак ажы Жалилов: “Азаттык” азаттыктыгына салып мени таарынтса, таарынычымы сага айтаар элем Улан иним…

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим….

Кайран Улан (Эгизбаев) үкөм Жусуп Баласагындын төмөнкү сөзүн жашоосу менен айтып кетти белем.
“Жашообуз – насыяга алган белек,
Жакшыны жакшы иштен табыш керек.
Жолубуз тагдырдагы бирдей бүтөт,
Жардыны, ханды дагы ажал күтөт.
Өмүрдү жакшылыкты жасап өткөр,
Акыры барарыбыз караңгы көр.
Атыбыз түбөлүккө жашай алат,
Бир гана артыбызда ошол калат… !.

Оттой жанган, чындык үчүн чыркырап күйгөн, таарынышкандарды жараштырганга далалат кылган, жашоосу сааттай чыкылдап өткөн, жигиттин гүлү Улан мырзанын дүйнө салуусу кабыргамды кайыштырды.

Үйлөнөөрүндө келинчеги Сапаргүл экөө келип, мусулман пендеси молдодон угаар акыл-насаат сурап, айткан сөзгө муюп кулак салганын бир эстесем, досуна күйөө жолдош болуп нике кыйдыртып кеткенин бир эстейм.

Агалык кылып кээде урушуп койсом, ашыкча сөз айтпай угуп, “макул ажыкем!” дегени көз алдымда дале турат. Досу Жанар менен мен таарынышпасак деле, “экөөңөргө чогуу чай берейинчи ажыкем, бир кара мышык аралап кетти эле ортоңорду” дегени али да кулагымда жаңырып турат.

“Азаттык” азаттыктыгына салып кээде обу жоктонуп мени таарынтса, таарынычымы сага айтаар элем Улан иним.

Мени чыдап угуп, көңүлүмдү көтөргөн сен элең…. Өлбөй кал, Улан, элдин баарын өксүтүп… .

Менден алган акыркы маегиң кабырстан коррупциясы жөнүндө болгон эле… маектин акырында сени алып калып, башыңды кармап дем салып берип, көз тийгенден сактаган дубаны жазып колуңа карматып, ушуну дамамат окуп жүр, жамандардын көзүнөн, өзүнөн Кудайым сактасын, улуу жолдосуң, акыйкаттын ташы оор, этиет бол деп айтып узаткан элем…

Бир тууган боордошум катарында жаназаңа туруу милдетим эле, аттиң ай, ал күнү алыста болом…

Дубанын алыс жакыны болбойт, артыңда дуба кылаар ажыкең, анан калса акыйкатты карманган элиң бар экенин унутпа..

Кылган эмгектериң, Кудай Таалама болгон ыкыласың, Курани Каримге болгон урмат-сыйың акыретте өзүңө жолдош болсун…Кудай Таалам баарыбызды бейиштен жолуктурсун…
Кудай Таалам ата-энеңе, келинчегиңе, калган керээзиңе сабыр берсин, терең ыйман берсин…

Фаатиха окуп, сообун багыштап Ажыкең Чубак ажы….

22.07.2018

Аргумент.kg
Жооп калтыруу