Чубак ажы Жалиловдун жубайлары өз пикирлерин билдиришти

Жакында эле экинчи аял алган Чубак ажы Жалиловдун жактоочусу Акин Токталиев жергиликтүү маалымат сайттардын бирине аалымдын жубайлары кандай пикирде экендигин айтып берген.

Жактоочунун айтымында, Чабак ажынын биринчи аялы экинчи аял алуусуна каршы эмес. Алардын ортосунда беш бала бар. «Бага алса төрт аял алып алса дагы болот»,- деп айткан ал. Байбиче элдер алардын жашоосуна кирилишип жаткандарына нааразы экендигин жактоочуга айткан. “Бул Чубак ажынын өзүнүн иши. Ал шариятты бузган жок”,-деп билдирген.

Чубак ажынын экинчи аялынын айтымында, ал картайганда баласы жок же жолдошу жок жалгыз калгандан коркуп, турмушка чыккан. “Башка улуттагы адамга турмушка чыкканча, өзүбүздүн мырзаларга экинчи аял болуп, мекенде калган жакшы” ,-деп айткан ал.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу