Чубак ажынын экинчи аялы тууралуу маселеси Жогорку Кеңеште…

Эки аял алуу адамдын Конституцияда көрсөтүлгөн укугуна терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева айтып чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, Чубак ажы аялы жапа чеккенин өзү ачык жарыялагандан кийин муну тиешелүү органдар текшерүү керек.

— Чубак ажы аялы жапа чегип жатканын, үйгө экинчи аял алып келгени ага оор тийгенин моюнуна ачык эле алып жатат. Кыргызстандын Конституциясында «аялдар менен эркектердин укугу бирдей» деп жазылган, акыйкатчы, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура “Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу” мыйзамынын сакталышын текшериши керек — дейт депутат.

Белгилей кетсек, Чубак ажы Жалилов экинчи аял алгандыгын айткан видео тарагандан соң, коомчулукта экинчи аял тууралуу ар кандай пикирлер жаралууда

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу