Чубак ажынын токолу Айсалкын ажынын кол астында иштеген жигиттин аялы болчу

Чубак ажы Ноорузду арам майрам дей берип, өзү да арамга чыгып бүттү.

— Ие айланайын, ата- бабалар илгертен майрамдашкан. Алар арам майрамды майрамдамак турсун, арам тамак жешкен эмес. Экинчиден Орто Азия бүт майрамдайт президенттер баш болуп. Кантип эле ушул Чубак ажычалык акылы болбосун алардын.

Каримов менен Назарбаев ким Чубак ажы ким? Ажыке бүлөсүн бакпай, токолун ээрчип жыргап жүрөт, президенттер бүт элди багып олтурат го. Же алар арам менен адалды айрымалай албайбы??

Илгери Нооруз арам майрам деп ажы боз үйдү өрттөп мисалга тартып, кырылышып эс алганбыз…

Эл журттун жүрөгү жакшылыкка жетеленген майрамдын эмнеси арам! Арам ишти өзү жасап атат го, коомдун баарына калп айтып, 30 жаштагы келинге үйлөнүп. Кызы бар, Турцияда окуп келген деп …

Башкалар тааныбаса Айсалкынды мен эң сонун тааныйм. Турцияга барып бала бакпай эле ушул жерде ажынын кол астында иштеген жигиттин аялы. Өлөөрү менен үйлөнүп алды. Кудайын тааныбай, кутуруп кетти, жаштарды кошо азгырып!

Ичип, чегип ит болуп арам иштерге барса майрамдардын баары эле арам. Жашынакай болуп дасторкон жазып эл менен кошо майрамдап койсо баары эле адал…

Жөн койсо чектен чыгып баратат…

Баяна Кулова

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу