Кечээ, 3-декабрь күнү Чубак ажынын жактоочусу Акин Токталиев ажы укук коргоо органдарына 6 сааттан ашык сурак бергенин маалымдаган.
Жактоочунун айтымында укук коргоочулар эч кандай чакыруусуз эле Чубак ажыны Ысык-Көлдө дарыланып жаткан жеринен алып кетишкенин билдирген. Ал эми бүгүн, маалымат каражаттарында ажынын ден-соолугу начар экени айтылууда.
Белгилей кетсек, өткөн аптада Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу интернетке видео тарап, коомчулукта чуу жараткан.
Булак: NazarNews.kg