Чубак ажыга мыйзам иштейби?

Милиция Чубак ажы Жалиловдун аялы азыр кайда экенин билбейт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирген. Алардын маалыматында, Гүлнур Жалилованын арызы боюнча иш козголгон эмес.

Бирок текшерүү жүрүп жатканын айтышты. Анткен менен шаардык милиция мурдагы муфтийдин аялы азыр кайда экенин билбейт. Ошол эле учурда Гүлнур Жалилованын өмүрүнө эч кандай коркунуч жоктугун кошумчалашкан.

Мына парадокс. Эгер Гүлнур Жалило­ванын кайда экенин билишпесе, өмүрүнө эч кандай коркунуч жоктугун кайдан билишет? Логика деген болуш керекго… Минтип дөөрүшпөй эле, Чу­бак ажы жоопкерчиликке тартылбайт, мыйзам бузуу жок, аялы «эркелеп, обу жоктонуп» коюптур дешсе жарашмак.

Эскерте кетсек, Гүлнур Жалилова декабрь айынын башында «Сезим» кризистик борборуна кайрылган. Ал Чубак ажы Жалилов аны жана балдарын өлтүрөм деп коркутуп жатканын айтып, милицияга дагы арыз менен кайрылган.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу