Чоң рынокко чыгуу жана сапаттуу заманбап билим – өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнүн өбөлгөсү

2018  Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында 16-август күнү Араван районундагы «Бирлик» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышты. Бул кооператив1996-жылы түзүлгөн, пахтанын жана дандын элиталык үрөндөрүн өстүрөт. Кооперативдин жетекчиси Хамидулло Тажибаевдин айтымында алар учурда айыл аймагынын территориясында мамлекеттик фонд менен ижара келишиминин негизинде 68,7 га жерди пайдаланып жатат. Кооперативдин иши жыл сайын улам жакшырып баратканын, алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнөн байкоого болот. Мисалы, пахтанын түшүмү 2017-жылы гектарынан 32 центнерди түзгөн, ал эми 2016-жылы 29,7 центнер болгон. Пахтанын үрөнү 2016-жылы 58 тоннаны түзсө, 2017-жылы 65,1 тоннага жеткен. Кооперативдин материалдык-техникалык базасы да чың: дан сактоочу кампалар, чиркегичтери менен тракторлор, жүк ташуучу автомобилдер жана башка айыл чарба техникалары бар. «Өлкөнүн айыл чарба сектору зор мүмкүнчүлүктөргө ээ, анткени дүйнөлүк рынокто көп суроо-талап кылынган экологиялык таза азык-түлүк менен Кыргызстан ЕАЭБтин, Кытайдын жана Евро союздун рынокторун ВСП+тун алкагында камсыз кыла алат.

Ички бардык финансылык институттар, алсак Кепилдик фонду, Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду, мамлекеттик банктар региондорго өзгөчө басым жасоо менен иштеп жатышат», — деп белгиледи өз сөзүндө С. Жээнбеков. Анан «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга жакында эле кол койгондугун эске салып, Мыйзам кооперативдердин ишин жакшыртууга, ошондой эле ички карама-каршылыктарды жана чыр-чатактарды жоюуга багытталганын айтып, кооперативдин ишине ийгиликтерди каалады. Ошол эле күнү президент С. Жээнбеков Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. «Сиздердин университет облустук борбордо жайгашканы менен азыркы күндө өлкөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайы экендиги талашсыз, ал эми Ош шаары билимдин Ордосуна айланып баратат. Бул сиздин жамааттын талыкпаган эмгегинин жана туура менеджментинин натыйжасы», — деди мамлекет башчысы.

Анан дагы ал дүйнөлүк рейтингде эң жогорку деңгээлде турган атактуу Массачусетс, Стенфорд, Гарвард, Кембридж, Оксфорд университеттери борбор шаарлардан алыс жайгашкандыгын мисал катары келтирди. Ошого улай эле жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктаган Эл аралык көз карандысыз аккредитация жана рейтинг уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Ош университети Кыргызстанда биринчи жолу эң мыкты жогорку окуу жайы деп табылышы менен куттуктады. «Адам потенциалын өстүрүү, сапаттуу билим берүү жана ден-соолукту чыӊдоо — мамлекеттик саясаттагы эӊ жогорку артыкчылык катары аныкталды. Бул чөйрөлөр реформаларга муктаж. Реформаны билим сапатын көтөрүүдөн баштоо зарыл. Экономиканы өнүктүрүү биринчи кезекте билимдин сапатына, билимдүү адистерге байланыштуу болот. Сапаттуу заманбап билим берүү — өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн гаранты», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы. Аягында жогорку окуу жайынын жетекчилигине музыкалык инструмент алуу үчүн 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу