“Чоролорду” чээнден эрте ойготкондордун артында АША турат

Тымызын тил табышып жаткандар

Байыркы гректердин соттук кароолору адатта: “Бул кимге пайдалуу?”’ деген суроо менен башталчу экен. Биз сот эмеспиз, бирок Кыргызстанда 7,17-январларда болуп өткөн митингдер жөнүндө ой жүгүрткөндө ушундай суроону койгонго акыбыз бар. Айрымдар тышкы күчтөр жөнүндө айтып жатышат, бирок анын негизи жок. Азыркы кырдаалда эч кандай тышкы күчтөр Кытайга каршы мындай примитивдүү одоно түрдө иш жүргүзүшпөйт, андайды Кытайдын тийиштүү кызматтары дароо эле билип алып, адекваттуу жоопторду жасайт.

7, 17-январлардагы окуялар Кыргызстандагы айрым саясатчылардын өмүр бою колдонуп, алардын аркасы менен мансап, байлык жасап келген “политканасынан” чыккандыгын бизге мурдатан тааныш болгон мүнөздүү белгилер, айрым фактылар ырастап турат. Ирээти менен айтсак, эки митинг тең “Форумда” отургандардын саясый технологиялары менен даярдалган. Алардын арттарынан бизге тааныш эки адамдын кулактары көрүнүп турат. Маселен, 7-январда митингге чыккандарды АШАны жактагандар жетектешип, митинг аяктагандан кийин бардыгы “Арзу” кафесине барып тамактанышып, акыларына 1 миң сомдон акча алышкандары эч кимге жашыруун эмес. Андан улам ал митингди уюштурганга айрым уйгур улутундагы ишкерлердин катыштары да барбы деген да ой келет. Ал эми 17-январда митинге чыккандар, АША менен Ө.Бабановдун кайрадан тил табышып, анын жан-жөкөрлөрүнүн көз кысыша баштагандыгын, мүмкүн, митингчилерге каржылык жактан БӨТ да көмөктөшкөндүгүн каңкуулайт. Анын үстүнө Руслан Казакбаев “Форумга” тымызындан тез-тез бара баштагандыгы да андай ойлорго түртөт.

Экс-президент январдын башталышында Индияга барып эс аларын мурда кабарлашкан болчу. Бирок, социалдык түйүндөрдө митингдерди уюштуруп коюп, өзү качканы жатат деген мааниде көп сындар айтылгандан кийин ал жакка барбай калды. Же ал 17-январдагы митингден көптү күттү беле, анысы бизге белгисиз. Бирок, анысы да мүмкүн болчу. Бул да шектенүүлөрдү жаратууда.

Баарыбыз билебиз, “Республикачыл” Кенжебек Бокоевдин ага чейин Өкмөт үйүнүн сыртында болуп жаткандарга тынчсыздангандыгын уккан да, теледен көргөн да эмеспиз. Бирок 17-январда парламентте кайра-кайра сөз сурап, “митингдеги адамдар депутаттарды чакырып жатышса, а биз бул жерде вице-премьер-министрди Москвага узатып отурабыз”- деп ыйлактаганы анын эс дарты сырттагыларда экендигин, анда өзүнүн жекече кызыкчылыгы бардыгын билдирип койду. Демек, мурда “Республика” партиясындагылардын айрымдары Россияда жүргөн Өмүрбек Бабановду Кыргызстанга алып келип, чоң
кызмат бердирүү жөнүндө маселе коюп келишсе, эми алар тымызындан АША менен Бабановго ортомчу болуп тил табыштырып, БӨТтү экстремисттик жолго түртүп жатышкандай. “Мындай тууган турганда душмандын да кереги жок”- деп бирөө айткандай, алар өздөрүнүн мындай аракеттери менен Ө.Бабановдун келечегине балта чаап жатышкандыктарын билишээр, анын кесепеттерин, жоопкерчилигин толук сезишээр болду бекен?

АШАнын долбоорунан чыккан “Чоролор”

17- январдагы митингди “Кырк Чоро” деп аталган кыймыл уюштургандыгы маалымдалды. Ал митингдин артында экс-президент өзү тургандыгын дагы бир жолу ырастады. Анткени, бир топ жыл дайынсыз жок болуп кетип, кээде күтүлбөгөн жерден пайда боло калган “Кырк чорону” АША президент болуп турганда кээде торпеда катарында пайдаланып туруу үчүн акылдуу политтехнологдорунун сунушу менен өзү уюштургандыгын, ошондуктан ал мамлекетти башкарып турган мезгилде “Чорочулардын” бир катар деструктивдүү иш аракеттерине укук коргоо органдары тийиштүү реакция жасашпагандыгын жакшы билебиз. Мисалы, алар мурдатан этникалык кытайларга Кыргызстандын жарандыгын бербөөнү талап кылып келишет, чындыгында бизде андай коркунуч деле жок, көз карандысыздыктан берки мезгилде кыргыз кыздарды алып алышкан 6 кытайга гана жарандык берилген.

“Кырк Чоронун” мүчөлөрү “Джунда” заводунун жанында митинг өткөрүшүп, кытайлык ишкерлерге тийиштүү Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү завод, “Таатан” караоке клубу, “Хо”, “Люкс” барлары сыяктуу бир катар ишканаларга кирип барышып, тополоң салышкандары да эсибизден чыга элек. Өкмөт инвесторлорду алып келүүгө жанталашат, ага ар түрдүү кызыктыруучу шарттарды түзүшөт, бирок инвесторлордун ишканаларына көчөдө жүргөндөр барып эле жаңжал кыла беришсе, ал кандай шарт? Анте беришсе бизге кайдан жаңы инвесторлор келишет? Тилекке каршы, инвесторлорго, реалдуу иш жүзүндө ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин эстегендер аздыгынан улам кээде аларга айрым радикалдар тарабынан кайырчылардай, тентиген дубаналардай мамиле жасалып жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. “Кырк Чоро” деген кыймылдын мүчөлөрүнүн арасында акчалуулар, ишкерлер таптакыр жок. Бирок, алар митингдерге, ар кандай жүрүштөргө каражаттарды кайдан табышууда?

17-январда “Чорочулар” жөн эле фондук милдетти аткарышып, алардын фонунан “Форумчулардын” тымызын даярдалган тымызын деструктивдүү күчтөрү пайдаланып кеткенге аракет кылышты эле, бактыга жараша, ички иштер кызмат-керлери жол беришпеди. Ашкере өкүрүп-бакырып, Өкмөт үйүнө киргенге аракет кыла баштагандарды машинелерге салып алып кетишти.

Максаты эмнеде?

Адатта Кыргызстанда кыш айлары көчө саясатына ылайыксыз “өлүк сезон” катарында эсептелет. Бизде январда, анын үстүнө славяндардын диний майрамдарында эч ким козголчу эмес. Быйыл айрымдардын ал салтты бузуп, “Чоролорду” кыштын жарымында эле “чээнден ойготуп”, көчөлөргө чыгарышкандыгы, АША артында тургандардын быйылкы жазга карата аябагандай чо-оң пландары бардыгын, ал үчүн ресурстарын аяшпай тургандыгын айгинелейт. 7,17-январдагы митингдер – бийликтин, ички жана тышкы башка күчтөрдүн реакцияларын байкаштырып, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүү аракетиндеги чалгындар гана. Кайталайбыз, алар бардык күчтөрүн, каржылык, саясый дагы жана башка мүмкүнчүлүктөрүн саясый реванш алганга камдап жатканын бөркүңүздөй көрүңүз. Мындай кырдаалда укук коргоо органдары, атайын кызматтар мүмкүнчүлүктөрүндөгү бардык чараларды көрүшү шарт. Мындай митингдер, чакыруулар экстремизм, улут аралык жаңжалды пайда кылуу, мамлекеттин келечегине балта чабуу аракеттери болуп жатпайбы!

АША мурда айрымдардын душманы болсо, азыр жалпы Кыргызстандын душманына айланды

Экс-президент тынч эс алып, бийликте турган убагында чогулткандарын соопчулук иштерге жумшап, эл менен бирге тынчтыкты, ынтымак ырашкерликти, өлкөбүздүн өнүгүп өсүп, экономикасы чыңдалуусун, социалдык чөйрөлөрдүн жакшыруусун тилеп жата берсе, сый-урматка гана арзымак. Бирок ал биротоло деструктивдүү бузуп жаруучу, Кыргызстанга кыянаттык кылуучу жолду тандап алгандыгын, ал жолдон ыктыяры менен кайтпастыгын жогоруда айтылгандар көрсөттү. Өз элин дүйнөдөгү эң ири экономикасы бар державага каршы шыкактап, аны менен мамилени бузууга түртүүгө, акылынан адашкан адам деле бармак эмес. Ал деле алдында ким тургандыгын түшүнгөндөн кийин андай оюнан кайтмак. Кытай деген ким? Ал номиналдуу держава делген менен реалдуу иш жүзүндө эбак дүйнөдө №1 экономикалык державага айланган, Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн экономикаларынын бардыгын өз колуна алган, азыр Африка менен Латын Америкасында да үстөмдүк кылып бараткан, нанотехнологиясы өнүккөн, инвестициялык мүмкүнчүлүгү чексиз, кошуналарына дайыма өнөктөш паритеттүү мамиле жасаган океандай кеңирсиген мамлекет. Кудай бизге андай тынч саясат жүргүзгөн, гегемониялык дымагы жок, кошуналарына техникалык жардамдарга жоомарт, башка мамлекеттердин ички саясаттарына кийлигишпеген державага кошуна кылып койгондугуна сүйүнүшүбүз, андай мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдаланышыбыз гана керек. Дагы 20-30 жылдан кийин анын экономикасы АКШныкынан 2 эсе ашып, биротоло дүйнөлүк лидерге айлануусу толук мүмкүн. Андай мамлекет менен өз элине кастык кылгысы келген саясатчы гана жоолашканды, тирешкенди каалайт. Жогорудагыдай деструктивдүү аракеттери менен АША мурда айрым саясатчылардын гана душманы болсо, азыр жалпы Кыргызстандын душманына айлана баштагандыгын толук көрсөттү.

АШАнын коррупциялык-криминалдык башкарууну уюштургандыгы, ал бийликте турганда жүздөгөн миллиондогон долларлардын уурдалгандыгы негизинен аныкталды. Бирок эмне үчүн ага укук коргоо органдарынын колдору жетпей, жегендери кайра кустурулбай жатат? Эмне үчүн экс-президенттерден кол тийбестикти алуу жөнүндөгү мыйзам долбоору башталган бойдон токтоп калды? АШАны биротоло кутуртуп, өзүн бардыгынан жогору сездиртип, дагы бир төңкөрүш жасаганга аракеттенүүсүнө ошолор себеп болуп жүрбөсүн?

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу