Чолпон Талипбек ырдаган “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды…

Обончу Тургунаалы Нурматовго таандык “Кыргызымдын жигиттери” ырын ырчы Чолпон Талипбек ырдап, ага жаңы клип тарттырып, элдин сынына калды.

Бул ырды убагында ырчы Клара Алибекова секелек кезинде ырдап чыгып таанылгандыктан көбү ырды ырчы кызга таандык деп билишет.

Чолпон Талипбек ырдаган кыргызча бул ыр акцент менен, айрым сөздөрү туура эмес айтылып ырдаганын угуучулар сынга алышты.

“Ала качып, ала качып” дегенди “Алла качып деп ырдаптыр кыскасы, кайран кыргыз тили” деп жазды белгилүү бир инсан.

Бул клип жакында эле Бишкек шаарындагы борбордук аянтта жаңы жылдык балатынын жана майрамдык жасалгаланган кооз жарыктардын жанында бийчилердин коштоосунда тартылганын көрсө болот.

Бул шилтемеден Чолпон Талипбек ырдаган «Кыргызымдын жигиттери» ырынын клибин көрсөңүздөр болот:

https://www.facebook.com/april.tv.kg.official/vide…

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу