Чолпон Талипбек: «Чогуу ырдоону сунуштагандардан баш тарттым…»

Чолпонду ыр сүйүүчүлөрү “Нон-Стоп” дуэти аркылуу жакшы таанышат.Дуэт тарагандан кийин жеке ырчы катары чыгармаларды жаздырып, альбом чыгарганга да жетишти.Азыркы учурда ырчынын Амир Аскаров менен аткарган “Жүрөгүм эзилет” чыгармасы хит болуп турган кези.

-Чолпон, “Жүрөгүм эзилет” аттуу чыгармаңар жаштар тарабынан жакшы кабыл алынды.Амир менен мындан ары дуэт болуп чыгасыңбы?
-Негизи мен Амир Аскаровдун студиясына жеке өзүмдүн ырымды жаздырганы барган элем.Амир мага ушул ырды угузуп көрдү.Бир укканда эле мага чыгарма жакты.Анан анын сунушу менен дуэт кылып аткардык.Жок, менин Амир менен да, башка ырчылар менен да жаңы дуэт болуп чыгуу планымда жок.Чынын айтсам, “Нон-Стоп” тарагандан кийин “чогуу иштешели” деген сунуштар көп болду.Баарынан баш тарттым.9 жыл дуэтте жүрүптүрмүн.Менимче жетиштүү эле болду го дейм.

-Ошентсе да эл сени “Нон-Стоп” дуэти аркылуу тааныды да.Топко жаңы келген күндөрүңдү жылуулук менен эстесең керек?
-Албетте.Менин мектепте окуп жүргөн кезимен эле ырчы болуу кыялым бар эле.Студияга барып ырымды жаздыргым келчү.Бирок 9-классты бүткөндөн кийин апамдын каалоосу менен финансы техникумуна тапшыргам.Өзүм болсо келечекте журналист же ырчы болгум келчү.Ошентип 3-курста окуп жүргөндө кастинг тууралуу угуп калдым.Кастингге катышуу үчүн билет сатып алыш керек болчу.Ага чейин эле продюсер Канат Култаев менен тааныш болгондуктан ага чалып билет керек экенин айттым.Канат байке билетти колума берип жатып “ушул сенин бактылуу билетиң болсун” деген тилегин айтты.Ошентип кастингке катышып калдым.20 катышуучу мыкты деп тандалып алынды.Жыйынтыгын радиодон угузабыз дешкен.Ошондон тартып кулагыман наушник түшкөн жок го.Чакырык күтсөм жок.Уюштуручуларга өзүм чалсам “өтпөй калсаң керек” дешти.Көрсө, анкетамды жоготуп алышыптыр.Мен тактап, кайра байланышып атып экинчи жолу сынактан өткөм.Талантым бааланып долбоорго кабыл алындым.Долбоордун алкагында иштеген 9 жыл мен үчүн 9 айдай эле өттү окшойт. Бул убакта мен ырчы катары эле эмес, сценарист, режиссёр катары да такшала алдым. Эң негизгиси “Нон-Стоп” менин чыгармачылыгымдагы эң мыкты башталгыч болду. Ошол жылдары чогуу иштешкен адамдарга чын дилимен ыраазымын.

-Азыр Максат менен байланышып турасыңбы?
-Экөөбүздүн мамилебиз сый. Чыгармачылык жактан бири-бирибизден кеңеш сурап, байланышып турабыз. Бир ырдын же альбомдун үстүндө иштеп атсак бири-бирибизге уктуруп, сындатабыз.

-Жалгыз иштеген жактыбы же дуэт менен иштөө оңой беле?
-Дуэт тарагандан кийин башында бир кызыктай болуп жүрдүм.Анткени артымда күчтүү команда бар болчу, жоопкерчиликтин көп бөлүгү командада болчу.Бирок бир нукка түшкөндөн кийин жалгыз чыккан деле жакшы экен деп калдым.Бир жылдан бери көнүп деле калдым.Жалгыз иштегендин жакшы жагы көп маселени өзүң чечесиң.Жаман жагы, жоопкерчиликтин көбү өзүңдүн мойнуңда болот.Учурда командам бар.Жардам берген менеджерим, концерттик директорум бар.

-Убагында ата-энең ырчы болууңа каршы чыгыптыр.Азыр сыймыктанышса керек?
-Негизи каршы болушкан эмес.Мага минтип акылын айтышкан: “Кыз баласың, бир олуттуу кесипке ээ болгонуң жакшы.Биринчи кезекте финансылык окуу жайды кызыл диплом менен бүт дагы, андан кийин өзүңдү каалаган тармакта сынап көрө бер”,- дешти.Мен алардын айтканын угуп, окууну кызыл диплом менен бүттүм.Андан кийин жан дүйнөм каалаган ырчылык кесипке кеттим.Эң башында мени ата-энем колдоду.Ыр жаздырууда, клип тарттырууда каржылашчу.Өзүм 17 жашыман баштап иштеп, каражат тапканды үйрөнгөм.Азыр болсо өзүмдү өзүм чыгармачылык жаатта каржылай алам.Үйдөгүлөргө да каралаша алам.Жакындарым азыр менин биринчи сынчым.Жаңы чыгарма жаздырсам дароо аларга угузам.

-Келбетиңе бат-баттан өзгөртүү киргизип турасың.Эксперимент кылганды жактырасыңбы?
-Сырткы келбетти улам өзгөртүп, изденүүдө жүргөн мага жагат.Улам жаңы образды жаратканды жакшы көрөм.Балким өзгөрүүлөр сага дал келген, жарашкан образдын келип чыгуусуна алып келиши мүмкүн.Чыгармачыл адамга эксперимент керек деп ойлойм. Чачымдын узундугун өзгөртүп, түсүн алмаштыруудан чочулабайм.Дене-мүчөң дайыма бир калыпта.

Ал үчүн кандай кам көрөсүң?
-Ар бир нерсе адамдын өз колунда деп ойлойм. Бул нерсенин сыры туура тамактануу, спортко жакынмын, зыяндуу адаттарым жок. Мен кыздарга үлгү болгонго аракет кылам. Жумасына 3-4 жолу машыгуучу залга барам. Башында 59 килограмм болчумун. Фигурамдын үстүндө иштеп, машыгып атып 50-53 килограмм салмакты кармап жүрөм. Себеби, камера кээде толук көрсөтүп коюшу мүмкүн. Азыр салмакты бир калыпта кармоо үчүн талыкпай иштейм.

-Сени дайыма сиңдилериң коштоп жүрөт. Аларга кандай эжесиң?
-Синдилериме өтө деле катуу эмесмин. Курбу катары сырдаша да алабыз. Ошол эле учурда Мади менен Меди мени сыйлап турушат.Айтканымды эч качан эки кылышпайт. Эгер маселе жаралса үчөөбүз кеңешип чечебиз. Сиңдим Мадинанын кино жаатында жараткан ийгилиги баарыбызды кубантты. Менин сиңдим экенине дагы бир жолу сыймыктандым. Медина менен Мадина төрөлгөндө мен төрт жашта элем.Кийин алар бала бакчага барганда тарбиячылар экөөнү уктата албай убара тартышчу. Ошондо мени группаман чакыртып кетип, мен сиңдилеримди сооротуп, уктатып коюп кайра өз группама келчүмүн. Кийин деле мектептен бирөөлөр тийишип ыза кылып койсо алар менен өзүм барып сүйлөшчүмүн.

-Жүрөгүңдүн ээси барбы?
-Сүйүүсүн арнаган жигиттер көп. Бирок жүрөгүм негедир унчукпай атат. Мен үчүн азыр чыгармачылык биринчи орунда. Бир ийгиликке жетишем деген максат койсом, сөзсүз экинчи нерседен баш тартканды билишим керек. Мен үчүн баш тарта турган нерсе азыр жеке жашоо болуп турат. Балким жеке жашоомо убакыт –саат дагы бышып жете элек окшойт. Болгон күчүмдү чыгармачылыкка арнап, талыкпай иштеп атам.Бул жылды чыгармачылыгыма, ден соолугума, жалпы жонунан алганда жеке өзүмө арнайын деп чечтим.Азыр машыгуу залына, бий курстарына, вокалга барып жатам.Тилдерди да жакшы деңгээлде үйрөнүүгө бел байладым.Жеке жашоону ойлонууга убакыт жетишпей калууда.Жеке жашоомдо жаңылык болгон күндө деле элге жар салганга шашпайм.Анткени ар кандай кырдаал болуп кетиши мүмкүн .

Кайсы тамакты мыкты жасайсың?
-Ашканада ар түрдүү тамакты мыкты жасайм деп айта албайм. Үйдө төрт кызбыз, ар бирибиздин өз милдетибиз бар. Мен улуусу болгондуктан сиңдим менен апам мени көп иштен бошотушкан. Бирок убактым болгондо жардам берүүгө аракет кылам. Үйдөгүлөр менин аш басканымды жактырышат. Жаратылышка барганда же үйдөн аш жегилери келгенде: «Чолпон, баарын даярдап койдук, аш басып берчи» дешет. Мага бул тамакты таптап жасаганды таякем 11 жашымда үйрөткөн. Бала кезимен бери үйдөгүлөргө аш басып берип кубандырып келем. Бул тамакты жакшы жасаарымды жакын досторумдан бери билишет. Ал эми камыр тамактардан көп жасабайм жана жебейм. Андай тамактардан алысмын десем болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу