Чолпон Талипбекти Максат Садырбеков тоюна эмнеге чакырган жок?

«Нон Стоп» дуэтинин мурдагы солисти Максат Садырбеков сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын колун сурады. Максат менен Айсулуу коомчулукка «сегиз жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрөбүз»,- деп билдиришен.

Эскерте кетсек «Нон-Стоп» тобунун дуэт солисттери Чолпон Талипбек менен Максат Садырбеков бир нече жыл чогуу ырдашкан. Экөөнө «кыз жигитсиңерби?» деген сыяктуу суроолор далай берилген. Эки чыгармачыл жаштын чогуу ырдаганын көргөндөр чындап эле кыз-жигит деген таасир калтырчу. Бирок мындай суроолорго экөө тең «кыз жигит эмеспиз» деген жоопторду айтып келишкен.

Ал эми ырчы Чолпон Талипбек инстаграм баракчасынан Максатты жана анын түгөйү Айсулууну куттуктап:

«Кечээ эрте уктап калып, бүт жаңылыктарды өткөрүп жибериптирмин. Бири-бирине татыктуу бактылуу түгөйлөрдү жаңы статусу менен куттуктаймын. Бактылуу болгула!»,-деп жазды.

Ырчы Чолпонго да күйөрмандары: «Сен дагы бактылуу бол! Сен жок Максат чыкпай деле калат экен. Ошентсе дагы түгөйү менен бактылуу болсун!» «Эмнеге көп жылдардан бери иштешип жүрсөң, тойго сени чакырбай коюшту?»-деген сөздөрдү да жазышты.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу