Чолпон Мелисбекова, комузчу:  Комуз кылындагы дүйнөлүк хиттер

Таланттуу комузчулар Чолпон менен Эламан дуэт болуп биригип, күүлөрдү жаңыча вариант менен тартуулап, эл алкышына татып келишет. Жакында дагы дүйнөлүк хиттерди комузга салып, бул күндөрү хит болуп турган кези. Биз бүгүн таланттуу комузчулардын бири Чолпон МЕЛИСБЕКОВА менен маек курдук.

— Силер жараткан попурри хитке айланды. Жаратууга идея кайдан келди? Эл кандай кабыл алууда?

— Акыры попурриде дүйнөлүк хиттерди комузга түшүргөнбүз. Идеянын келип чыгышы – бул алдыга койгон максаттарыбыздын бирине байланыштуу, комузду дүйнө жүзүнө таанытуу. Комуздун мүмкүнчүлүктөрүн көргөзүү максаттарыбыз бар. Бул попуррини ошол максаттарга болгон кадамыбыз катары карайбыз.

— Попурриде бийлер дагы орун алган. Бийлегендер Эламан экөөң өзүңөрбү?

— Албетте өзүбүз бийлегенбиз. Эламан экөөбүз кеңешип, бөлүшүп алып бийлегенбиз. Эламан Майкл Жексондун ырына бийлеген болсо, мен ламбадага өзүмдүн өмүрлүк жолдошум менен бирге бийлеп катышкам.

— Бийчилик талантыңар да бар тура?

— Бийлеген оорчулук деле жараткан жок. Себеп дегенде, мен буга чейин бийге катышып, бий менен машыгып жүрчүмүн. Клипке тартылуу үчүн баары бир эмгектенип, атайын бийге барып эки  айдай сабак алдык.

— Той, дагы башка иш-чараларга чакыруулар көп болсо керек?

— Кудайга шүгүр, эл жакшы тилектерин айтып, баталарын беришет. Аябай жакшы жылуу сөздөр айтылат. Көптөгөн жакшылыктарына, тойлорго чакырышат.

— Өмүрлүк жолдошуң чыгармачылыгыңды жакшы колдогонун баамдадым. Мындай кыргыз жигитине баракелде!

— Туура айтасыз. Жолдошум чыгармачылыгымды жакшы колдойт. Биздин дуэт болуп түзүлгөнүбүздүн башкы себепкери да менин жолдошум. Көп учурда биздин продюсер болуп келет. Ар бир ишти жасап жатканда чогулуп, биргелешип жасайбыз. Ал эми кайын журт деп айткандан алысмын. Себеби менин колдоочуларым, күйөрмандарым менин үй-бүлөм. Абдан жакшы колдоп, баталарын беришет.

— Эламан тууралуу да айтсаң, кандайча дуэт болуп калдыңар?

— Июль айларында Эламан экөөбүздүн дуэт болгонубузга бир жыл болуптур. Өткөн жылы август айында түзүлүп, ойноп баштаган болчубуз. Ал эми комузда Эламан экөөбүз 15 жылдан ашык убакыттан бери ойноп келебиз. Учурда устатыбыз Ирина Суеркулова жетектеген “Акак” комузчулар ансамблинде эмгектенебиз. Ансамблде эмгектенген бул өзгөчө татаал иш. Ошол ансамблде канча адам эмгектенсе, ар бирин уга билип, сезип ойнош керек. Ошол себептен  Эламан экөөбүздүн дуэт болушубуз оорчулук деле жараткан жок.

— Чыгармачылык алдыдагы максаттар тууралуу ой бөлүшсөң?

— Буюрса чыгармачылыктагы максттарыбыз өтө чоң. Бирок, мунун баарына убакыт өзү тараза. Убакыт баарын ордуна коёт деп ойлойм.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу