Чолпон Жакупова «Ата Мекен» фракциясынын президенттик шайлоону 27-августка дайындоо боюнча билдирүүсү туура» деди

кук коргоочу Чолпон Жакупова «Ата Мекен» партиясынын депутаттарынын президенттик шайлоону 27-августка дайындоо жөнүндө билдирүүсүн туура деп эсептейт. Мындай оюн ал бүгүн, 18-апрелде порталына билдирди.
«Конституция бизде эң негизги мыйзам болуп саналат. Башка мыйзамдар Конституция менен карама-каршы келсе, биз Конституциянын негизинде иштешибиз керек. «Ата Мекендин» фракциясы Жогорку Кеңештин токтому боюнча билдирүүсүндө туура айтылып жатат. БШК президентти шайлоо жөнүндө мыйзам менен иштейбиз деп жатат. Бирок ал мыйзам Конституциянын жанында статусу боюнча төмөн турат», — деди Жакупова.

Айта кетсек, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августуна дайындоо керектигин айтып чыгышкан. Депутаттар «Конституцияга ылайык шайлоону 27-августка дайындоо керек. Эгерде шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, жаӊы президент 1-декабрга чейин кызматка киришүүгө үлгүрбөйт. Бул учурда азыркы президент кызматта туруу мөөнөтүн узартып алат» дешкен.

Ал эми БШК болсо мыйзамга ылайык президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керектигин билдирүүдө.

Булак: super.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу