Чолпон Абыкеев, жазуучу: “Атамбаев “көчө саясатынан” өйдө көтөрүлүп, интеллектуалдык саясаттын деңгээлине жете алган эмес экен”

А. Атамбаев өзүнүн “Апрель” телеканалына кенен бир жарым саат убакыт маек бергенден бери ММКга эрмек табылды. Өзгөчө ансыз деле ишсиз ээригип жүрүшкөн эски саясатчылар менен жаңыдан саясатка аралашсам деп аракет кылгандарга Кудай берип салды. Каалаганча маек беришип, анысы ошол замат кайсыл бир сайтка же ММКга чыгып тим эле жылдыздары жанып “атактары” чыга баштады.

А. Атамбаевдин берген маеги тууралу 100 макала же маекти кайта-кайта окусаң деле маанилери окшош, айылдагы абысын ушактын деңгээлинен көтөрүлө албаганын байкайсың.

Бул да болсо бүгүнкү биздин коомубуздун деңгээлин көрсөтүп турат. Кайран Кыргыз элим шоруң көп экен да дейсиң. Алты жыл Президент болгон адамыбыздын үйүндө бир жыл бош отуруп, өткөн-кеткенине баа берип, мамлекеттин келечегине “жаны күйүп” кемчилдиктерин түшүнүп анан “агынан жарылып” берген маеги ушул экен. Мындайда айтаарга сөз да таппай каласың. Акылың айран болот. Кечөө эле так ушул Атамбаев өзү “Мен Кыргызстанда биринчи жолу бийликти мыйзамдуу жолу менен өткөзүп берип жатам. Шайлоого кылдай да кийлигишпей, мыйзамдын үтүрүн да бузбай таза шайлоо өткөздүм”- деп бир айтып бир койбой эки айтып эки койбой көкүрөгүн койгулаган эле. Анда эмне мас беле же похмелден чыга албай жатып сүйлөдү беле?! Бүгүн болсо “Президенттик шайлоого баланча миллиондогон доллар коротулган. Эч кандай саясый кадыр-баркы жок Жээнбековду күчкө салып көтөрмөлөп отуруп Президент кылгам”- деп эч кызарбай туруп сүйлөй баштады. Ошондо кайсыл Атамбаевге ишенебиз? Кечөөкүсүнөбү же бүгүнкүсүнөбү? Шайлоого Президент болуп туруп түздөн-түз кийлигишкенин моюнуна алып жатканын билип туруп айтуудабы же дагы деле Кыргызстандын мыйзамдарын уруп ойнобойбу? Мындай кылыктарынын кайсыл бирин айталы?

Канча жыл саясатта жүрсө да Атамбаев “көчө саясатынан” өйдө көтөрүлүп интеллектуалдык саясаттын деңгээлине жете алган эмес экен. Көчөдө же кайсыл бир имараттын жанына барып алып оозуна эмне келсе оттоп “Кетсин”- деп кыйкырган саясатчынын деңгээлинде кала берген экен да.

Болбосо Президенттен кеткенден кийин бир жыл бош отурду. Мамлекеттеги проблемаларга кайра бир сын көз менен карап терең анализдеп, экономиканы кантип жолго койсок болот, руханий маданий жактан кантип өсөбүз, мамлекеттүүлүгүбүздү кантип бекемдейбиз дегенге ой топтоп сунушун айтууга кенен убактысы болду. Эгер чындап эле Кыргызстандын келечегине жаны күйсө, сөздү ушундан баштайт эле. Иштеген кишиден кемчилдик кетпей койбойт. Баарын болбосо да айрым кемчиликтерин мойнуна алып “Бул жерде мен кемчилдик кетириптирмин. Мойнума алам”- деп койсо андан да жакшы болмок.

Күйөөсү өлүп канги баш болуп калган абысындардын деңгээлине түшүп Бакиевди кайта-кайта эстеп, шоопурун коргоп өйдө-төмөн сүйлөш алты жыл бир мамлекетти башкарган Президенттин сөзүбү.

Ошончо эле саясаттан кеткиси келбей Кыргызстанга күйүп жатса керек болсо мыкты аналитиктерди жалдап (Буга акчасы кенен жетет) жарым жылдан бери мамлекетти өнүктүрүүнүн мыкты экономикалык жолдорун иштетип чыкса болмок. Бүгүнкү бийликтин кетирип жаткан кемчиликтерин фактылар менен далилдүү айтса болот эле. “Бакиевдин жолуна түштү. Баарына Бакиев күнөөлүү”- деген эчак эскирип элди тажаткан ырларды кайта-кайта ырдай бербей.

Аргументтүү фактылар менен элдин, мамлекеттин кызыкчылыгындагы сөздөр сүйлөнсө эл да “Атамбаев туура айтты, кантсе да мамлекетке күйгөнү чын экен.”- дешмек. Бул маегинен кийин алгач Атамбаев бир жарым саат маек бериптир деп дүргүй түшүшсө бара-бара биринчи “толкундун” мизи кайткандан кийин, кайта -кайта маани берип анализдеп чыгышып ичинен маанилүү бир быдыр таппай “Койчу ушул АШАны”- дешип баш чайкаганга өтүштү. Болгон жетишкендиги ушакты жакшы көргөндөрдүн уу-дуу ушакташкан эрмегине айланды. Муну саясаттын тилинде “Өзүн өзү саясый өлүккө айлантты”- деп коюшат.

Чолпонбек Абыкеев

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу