Чиркейден коргогон бөлмө өсүмдүктөрү

Көпчүлүгүбүз чиркейге каршы спрейдин таптакыр пайдасыз жана аларды колдонууда баштары ооруганын айтып нараазы болуп келишет.

Ушуга байланыштуу, адистер чиркейден коргогон бөлмө өсүмдүктөрүнүн рейтингин жасап чыгышты.

Жайкы мезгилде үйдө жалбыз өстүрүңуз. Себеби жалбыз адамдын ден-соолугуна пайдалуу жана ал чиркейден жакшы коргойт. Лаванда гүлүнүн жыпар жытын чиркейлер өтө жактыра беришпейт, ошондуктан жайкы убакта ар дайым бир букет же идиштеги лаванда гүлүн сатып алып турган оң.

Ошондой эле, базилик да денедеги чиркей чаккан жерлердин шишип, жара болуп кетүүсүнөн коргойт. Чиркейлер розмарин сыяктуу өзүнө тартып турган жытты анча жактыра беришпейт. Ошондуктан, адистер үйдө өстүрүүгө кеңеш беришет. Чиркейлерден коргоочу өсүмдүктөрдин башында мелисса (мелисса лекарственная) турат, себеби чиркаейлер бул өсүмдүктүн жанында таптакыр жолобойт экен.

Булак: Zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу