Чиновниктер эмес, Чубак ажы кадырлуубу?

Белгилүү аалым, өзүнүн чет элден алган билими менен көпчүлүккө кадыры сиңген, айтылуу Чубак ажы Жалилов калыс сүйлөгөн сөзү менен жаамы журтка тез алынып, жакшы сапатын көргөзө алды.

Учурда бир гана акчаны ойлоп, көпчүлүк эл көр оокат менен алп урушуп, чоңдор коррупцияга берилип, элге көңүл бурбай калганда карапайым эл руханий жактан аксап, кыйналып турган кезде Чубак ажы Жалилов өзүнүн таасын айткан кептери менен жашоодон чарчаган элге  жардамга келди. Анткени азыр эл чоңдордун эмес, Чубак ажынын сөзүн угуп, сыйлаганын ушундан улам билсек болот, керек болсо артисттердин концертине караганда Чубак ажынын жыйынына киши көп келет. Бул эмнени билгизет, эл алдамчылыктан, куру убададан, эки жүздүү саясаттан тажаган үчүн динге берилип, таза жашоону көздөгөнгө басым жасап калганын жашырып болбойт

Чубак ажы чындыкты жана таза жолду көргөзгөнү  үчүн  эл аны ээрчип, айтканын угуп жатат. Эгер, чиновниктер дагы калыс, айткан сөздөрүн аткара билишсе, Чубак ажыдай болуп кадырлуу инсан болушат беле деген кеп.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу