ЧЕЧИЛБЕГЕН ЧЕК АРА: КЫЙЫНЧЫЛЫККА КЕПТЕЛГЕН КЫРГЫЗ ЭЛИ

Чек ара көйгөйүнөн улам канча чыгым келтирилгенин ким билет?

“Ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат” деген жакшы кеп бар кыргызда. Ажобуз Алмазбек Атамбаев шайлоо алдында алды-артын карабай “балпаңдап” алды эле, анын кесепетин эми кыргыз эли тартып турган маалы.

Кыргызстан менен Казакстандын ажолору техникалык регламенттерге шылтоолоп бири-биринин өнүмүн киргизбей, бири-бирине кыр көрсөтүп жатышат.

10-октябрда эле башталган бул “таарынычтар” 1 ай болсо дагы жөнгө салына элек. Ал ортодо карапайым калктын канчалык кыйналып жатканы менен иши болгон жокпу, же айткан сөзүнө абай салып ойлонуп келейин дедиби ким билсин Атамбаев бир сыйра эмге өргүүсүнө барып келгенге жетишти.

Шайлоо өткөндөн кийин абал жөнгө салынат деп жарданып күтүп жаткан ишкерлердин тилегин таш каап, бүгүнкүгө чейин чек арадагы көйгөй чечилбей келет.

Чек ара кызматы болсо азырынча адамдардын кезек күтүүсү жок болгонун кабарлап, ушуга дагы шүгүр дейли дегендей. Мекеменин маалыматына ылайык, “Ак Жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын тыгыны жок, автотранспорттун саны 50гө жакын. “Ак Тилекте” 300, “Чоң Капкада” 184 оор жүк ташуучу автоунаанын тыгыны турат. Казак тарап саатына 5 оор жүк ташуучу унааны өткөрүп жатканы кабарланды.

Чек ара көйгөйүнөн улам өлкөгө канча чыгым келгени 1 ай өтсө дагы эсептелине элек. Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов бул боюнча чыгымды эсептей турган атайын комиссия түзүлгөнүн депутат Исхак Масалиевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.  “Канча чыгым кеткени тууралуу азырынча белгисиз. Эгерде чек арада азыркыдай абал улана берсе өлкөнүн ички дүң өнүмү 0,3 пайызга төмөндөп кетиши мүмкүн”, – деди Абдыгулов.

Жыл өткөн сайын кыргыз товарынын сапаты начарлап жатабы?

Ал ортодо казак тарап улам чектөөлөрдүн санын көбөйтүп, Кыргызстанга улам бир “баш ооруну” жаратып коюп отурушкан чагы. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты коргоо комитетинин башчысы Жандарбек Бекшин Кыргызстандын өнүмүнүн сапаты начарлап кеткенин билдиргенин казак басылмалары жазып чыгышты. Анын айтымында, былтыр Кыргызстандан ташылган товарлардын 4 пайызы талаптарга жооп бербей келсе, быйыл болсо көрсөткүч 10 пайызга жогорулаган.

Бирок бул билдирүү бир топ күмөн жаратууда. Себеби мурдараак ЕАЭБдеги эрежелер менен жакшы тааныш болбой, талаптарга жооп бербеген товарлардын саны көп болсо, бир жыл өткөн соң кыргыз тарап бир топ тажрыйбалуу болуп, тескерисинче мурда кетирген катачылыктарын оңдошу керек эле.

Чек арадан өткөн азык-түлүктүн сапатын кароо жана коопсуздук үчүн көзөмөл күчөтүлгөнүн айткан казак бийлиги кыргыз тараптын “Ак-Сүт”, “РИХА”, “Куликовский” жана “Эмилия” аттуу сүт, эт жана кондитердик азыктарын өндүрүүчүлөрдүн товарларын өткөрүүгө бөгөт коюу боюнча токтом кабыл алышкан.

Кыштан казак көмүрүсүз чыгабызбы?

Коңшулар кылычын алган кыш келе жатканда дагы бир чектөө киргизди. 27-октябрда Казакстан көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салган. Буга байланыштуу 31-октябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкектеги Жылуулук электр станция борбору жергиликтүү көмүргө өтөрүн билдирген болчу. Кечээ жакында эле көмүр келе баштады деп аткаминерлерибиз сүйүнүшкөнү менен азырынча болгону 15 вагон же 1 миң тонна көмүр келгени белгилүү болду. Ал эми Бишкекке жылуулук берүү үчүн жалпысынан 450 миң тонна кара алтын келиши керек.

Кыргыз бийлиги го эптеп борборду жылуулук менен камсыздайт экен, ал эми кычыраган суукта көмүрдүн кымбат болуусунан карапайм калк кыйынчылыкка кептелип жатканын ким тана алат?

Күйүүчү майдын таңсыктыгы күч алабы?

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов парламент жыйынында “Кыргызстандагы күйүүчү май эки жумага гана жетет” деп билдирди. Ал ЕАЭБке киргенден кийин бензин өлкө пошлинасыз алынып келип жатканын белгилеп, “12-13- октябрдан бери бензин келбей жатат. Эки аптадан кийин күйүүчү май түгөнөт. Эгер, пошлина менен алып келе турган болсок, анда баа кымбаттайт. Өкмөт маалыматтар бербей жатат» деп нааразы болду.

Эгерде эл өкүлү айткандай чын эле күйүүчү май тартыштыгы жаралса, бул карапайым калктын капчыгына бир топ эле оорчулукту алып келерине шек жок. Анткени, ансыз деле жол кирени көтөрө албай араң турган шаар бийлиги күйүүчү майдын тартыштыгына шылтоолоп жол кирени көтөрбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул араң тапкан маянасын эптеп жеткизип жаткан карапайым калктын нааразычылыгына алып келет.

Ун кымбаттайт

“Нан болсо ыр да болот” демекчи Казакстандан ташылып келчү буудайлар дагы өз дарегине жетпей жатыптыр. Тактап айтканда акчасы төлөнүп калган буудайлардын болгону 20-30 пайызын гана Кыргызстанга келген. Буудайды ташуу үчүн керек болгон атайын вагондор Орусияга кызмат кылып жаткандыктан, Кыргызстанга кадимки вагондор менен ташуу сунушталган. Бирок анда жол киресинин чыгымы алда канча кымбат болорун Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр комитети айтып чыкты. Эгерде абал ушул бойдон кала турган болсо ундун баасы кымбатташы мүмкүн экени дагы кабарланды. Ун кымбаттаса жарыбаган маяна алып жан багып жаткандар эмне болот деген суроо туулат.

Казактарга Кыргызстан жумуртка менен жооп кайтардыбы?

“Манастан Чубак кем бекен” дегенби ким билсин, айтор, Кыргызстан дагы Казакстандын товарларын өткөрбөй баштаганы тууралуу кабар желдей тарады. Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан 302 миң 400 даана жумуртка ветеринардык документтери жок болгондуктан артка кайтарылган. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгы жумурткаларга тиешелүү ЕАЭБдин талаптарына ылайык ветеринардык көзөмөлдөн өткөнү тууралуу документтери болгон эместигин айтып чыкты.

Ошондой эле Бишкек Евразиялык экономикалык биримдигине жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылууга үлгүргөн.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу