Чет өлкөлүк жигиттер кыргыз кыздарынын кайсы сапаттарын баалайт?

Чет өлкөлүк жигиттерди тандаган кыргыз кыздарынын саны көбөйүп жатканы көпчүлүктү толкундантса, бул ар бир адамдын өзүнүн иши деген ойду кармангандар дагы бар. Өткөн айда Ош шааарындагы имамдардын бири кыргыз кыздарына: чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгуунун алдында ойлонуп, анан бул кадамга баруу керек»,-деген кеңешин берген. Анын себеби биринчиден бул динге каршы, экинчиден кыргыз кыздары чет өлкөдөн ар кандай зордук зомбулукка туш болуусу мүмкүн деп айткан. Бул билдирүү талкуу жаратып, бир топко чейин элдин оозунда алынды. Бул маселе менен коомдо эки ача пикир айтылат: Бири — каршы болсо, экинчиси,  демократиялуу мамлекеттерининде жашаган коомдо, глобализациянын тушунда кыздарга эч ким чет өлкөлүктөр менен турмуш курба деп айта албайт. Бул алардын тандоосу жана чечими ага эч ким каршы болбошу керек деп жатышты. Ал эми Sakal.kg  эмне үчүн чет өлкөлүк жигиттер кыргыз кыздарына ашык болушат,  кайсы сапаттарын жактырышат деген суроого жооп издеп көрдү

Алардын айтымында көпчүлүк кыргыз кыздары билимге умтулган,эмгекчил кыздар. Европалык жигиттер кыргыз кыздарынын ашканада мыкты кожойке болуп, балдарга да мээримдүү эне боло алаарын абдан баалашаат. Алар аялдарын колдоого даяр.

Эльнура жана Даниэль Тего

Джонатан, 25 жашта.

Кыргыз кыздары абдан сулуу келишет. Алар өздөрүн карап, күнүгө кечеге бара жаткандай боёнуп, шиш такалуу бут кийимдерди, кооз көйнөктөрдү кийишет экен. «Мен абдан таң калгам, себеби Европада  кыздар өздөрүн мындай карашпайт. Алар кийим тандоодо биринчиден ыңгайына эле басым жасайт»..

Ахмет 28 жашта.

Кыргыз кыздары абдан берилген, ишенимдүү десе болот. Сулулугу менен багынтат. Алдыга чоң максаттарды койуп, аларга кантип жетүүгө болот экендигин дагы жакшы билишет.

Жереми, 27 жашта

Кыргыз кыздары билимге умтулат, алар бир нече тил билет экен. Ошону менен катар чыдамкай жана эмгекчил келишет , европалык аялдар менен конкуренцияны оңой эле көтөрө алышат.

Генрих, 29 жашта.

Орусча сүйлөгөн азиат кыздары мени абдан кызыктырат. Европейкаларга караганда азиат кыздары сулуу келишет. Алар абдан назик болуп өзүн карашат экен.

Натан 32 жашта.

Кыргыз кыздары жөнөкөй келет жана  жөнөкөй баалуулуктар сактай билишет. Үй-бүлө алар үчун абдан маанилүү.

Булак: sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу