Четинен качып жатышат…

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгаруу ишине байланыштуу бир катар жогорку кызматтагы адамдарга кылмыш иши козголуп, асты абакка отуруп, тергөө жүрүүдө. Мына ушул иште ошол учурда УКМКны жетектеп турган Бусурманкул Табалдиевдин дагы аты аталып келген.

Учурда Табалдиевди суракка алалы дешип тиешелүү органдар сыйпалап таппай калышканы айтылууда. Анын өлкөдөн чыгып кеткенин бир катар маалымат булактары жазып чыгышты. Расмий органдар азырынча бул маалыматты ырастай элек, бирок аны төгүндөшкөн да жок. Айрым маалыматтарда Табалдиев Түркияга чыгып кетиши ыктымал экени жазылган.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу