Ченеп жебейсиңерби?

Транспорт жана коммуникация министрлиги Кара­Балта – Бишкек жолунун 52,2 км.
чакырымын оңдоо үчүн 120 миллион 800 миң доллар жумшалаарын билдирди. Жол куру
иштерине байланыштуу үч миңден ашык дарак кыйылып, 4 300 көчөт отургузулат.
Ошондой эле, жол жээгиндеги 200дөн ашык кафе, үй, дүкөн сүрдүрүлөт. Алардын ээлерине
компенсация төлөөгө 2 миллион доллар сарпталат. Ошондо бул жол эң кымабт турган жол
болот. Бир километр жолго 2 миллион доллардан ашык каражат жумшалат. Бул оңбогондой
чоң каражат. Адистер бир километр жол кыйын болсо 500­700 миң доллар болмоктугун
айтып келишет. Демек, алкы бузуктар такыр эле кулкундарын тыя албай калышкан.
Министр Жамшидбек Калилов күптүү болбогон неме көрүнөт. Мамлекет жол салууга ири
көлөмдө кары алып жатса, анын теңинен көбү «кузгундардын» кулкунуна кирип кетип жатса
жакшы эмес го. Тиешелүү органдар жол тармагындагы коррупцияны аныктап,
кустурчуларын кустуруп, камабаса, эл ырыскысына кол салгандардын ыйбаа кыла турган
түрлөрү жок.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу