Чемпиондор Лигасы: «Бавария» үйүнө кайтса, «Реал» жарым финалда!

Чемпиондор Лигасында “Лестердин” жолу аяктады

19-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында “Лестер” өз үйүндө “Атлетикону” кабыл алды. Алгачкы беттеште мадриддик команда 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Андыктан англиялык клуб алгачкы мүнөттөрдөн тарта чабуулга өттү. Бирок 26-мүнөттө Фелипе Луистин чыгарып берүүсүн Сауль Ньигес башы менен таамай сокку узатты. Эми “Лестер” жарым финалга чыгуу үчүн 3 гол киргизүүсү керек эле.

Экинчи бөлүктө чабуулчу Жейми Варди айырмалана алды. Жыйынтыгында финалдык ышкырык 1:1 эсебин каттады. “Атлетико” жарым финалда, “Лестердин” Чемпиондор Лигасында жолу аяктады.

Чемпиондор Лигасы: «Бавария» үйүнө кайтса, «Реал» жарым финалда!

  • 19-апрелде Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында «Бавария» жана «Реал» командаларынын ортосунда жооптук оюн орун алды. Мадриддик «Реал» өз үйүндө германиялык команданы кабыл алып, беттеш 4:2 эсебинде «Реалдын» жеңиши менен аяктады. Биринчи беттеште да 2:1 эсебинде «Реал» жеңишке жетишкен. Жалпы эсеп 6:3. Ошентип бул сезондо «Баварияга» Чемпиондор Лигасынын эшиги жабылды. Ал эми «Реал» финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.
Аргумент.kg
Жооп калтыруу