Чек ара маселесине байланыштуу баалар өсүүдө

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы тоскоолдуктарга байланыштуу ундун, көмүрдүн баалары өсүп жаткандыгы байкалат. Мындай маалыматты антимонополия мамлекеттик агенттиги таратты.

12-19-октябрларда азык түлүккө жана азык түлүк эмес товарларына болгон баанын өсүшү болгон эмес.

Бирок, биринчи жана экинчи сорттогу буудай ун, тамак аш майы, күрүч, койдун жана уйдун эти, картошка, сабиз, пияз, тоок жумурткасы жана фасольдун баасы өсүп кеткен.

Андан тышкары, цемент, көмүр жана күйүүчү майга болгон баа көтөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу