Чекедеги бырыштар эмнеден кабар берет?

Окумуштуулардын айтуусу боюнча чекедеги бырыштардын көптүгү жүрөк оорусуна кабылуусунан кабар берет экен. Бул боюнча Тулузск университетинин француз окумуштуулары изилдөө жүргүзгөн. Алар Мюнхенде жылда өтүлчү жыйналышта кабарлашты.

“Мындай адамдарга жашоо өзгөчөлүгүн өзгөртүп, туура тамактанып жана жана физикалык кыймыл аракеттерди жасоосун кеңеш берер элем”,- деп айтты Йоланди Эскироль.

Албетте жүрөк оорусу жаш өткөн сайын күчөй баштайт. Бирок убагында кан анализдерин тапшырып, кан басымын өлчөтүп туруу оорунун алдын алат.

Изилдөөдө 3200 киши катышкан. Алар 32, 42, 52 жана 62 жаштагылар. Окумуштуулар алардын чекедеги бырыштардын өзгөрүү формасына карап изилдөө жүргүзгөн. Ошондой эле алар 20 жыл аралыгында өз каалоосу менен катышкандарга да байкоо жүргүзгөн. Бул аралыкта 233ү кайтыш болгон. Алардын байкоосу боюнча, адамдагы бырыштар канчалык терең жана көп болсо алардын жүрөгү ооруп, өлүмгө жакын болоору аныкталган.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу