Чачыңыз сиз каалагандай болуусун кааласаңыз…

Чачка туура кам көрүү ар бир эле аялзатын түйшөлтүп келет. Чындыгында чачтын түшүүсүнүн, сынышынын жана нымдуулугун кантип алдын алса болот? Ага төмөнкү кеңештер сизге жардамга келет.

Ашыкча ысыктан алыс болуу

Эгерде чачыңызга туура кам көрөм десеңиз, анда аны өтө ысык менен кургатуу туура эмес. Анткени ал чачыңызга зыян алып келет.

Фенди туура колдонуу

Фен менен чачыңызды кургатып жатканда, чачыңыздан 20 сантиметр аралыкта узак карап, андан чыккан мээлүүн жана жылымык болгон шамалды тандап алуу керек.

Узун чачтарга кам көрүү

Сиз узун чачтын ээси болсоңуз, чачыңызды 6 же 8 апта сайын анын учун кестирип турууңуз абзел.

Табигый тарак сиздин жардамчыңыз

Табигый тарак колдонуу, чачтын аз түшүүсүнө себеп болот.

Чачтын жалтыроосу үчүн

Чач сонун болуп, жалтырап турушу учүн атайын ага арналган майларды жана витаминдүү маскаларда колдонуңуз

Чачыңыз кургак болсо

Эгерде чачыңыз кургак болсо, анда ага көлөмдо берүүчү шампундарды колдонуңуз.
БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу