Чачты өстүрүү үчүн…

Бул үчүн чачты таза кармап, арада башты жумшак тарак менен тарап, сылап-сыйпап туруш керек. Ошондой эле табигый чөптөрдөн даярдалган тунмаларды пайдалануу да чачтын өсүүсүнө жардам берет.

Бир аш кашык чырмооктун (плюш) жалбырагын жарым литр сууга салып, он мүнөттөй кайнатасыз. Сүзүп, муздатасыз. Даяр кайнатмага кездемеге батырып, бир ай бою кечкисин чачтын түбүнө сүйкөйсүз.

Крапива менен настурция өсүмдүктөрүнүн жалбырактарынын 100 граммына болжол менен 10 граммдай тикенди (скрытница колючая) майдалап, аралаштырат. Ушул аралашмага жарым литр спирт куюп, 15 күндөй тундурат. Андан соң сүзүп алынган тундурма менен чачтын түбүн башты жууган сайын сүртүп отурат. Кошулманын курамында спирт болгондуктан көзгө тийгизип албаш керек.

Кээ бир өсүмдүктөрдүн өзүн эзип пайдаланууга болот. Мисалы, кара тамыр (черно-корень) өсүмдүгүнүн жаш тамырын майдалап турап, эзип, ботко жасаңыз. Аны баштын түбүнө сүйкөп үстүнө пергамент кагазын жабат да, жылуу сүлгү менен сыртынан ороп коёт. Бир сааттан кийин башты жакшылап жууп аласыз. Мындай масканы бир ай бою эки же үч күн сайын кайталаган оң.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу