Чачтын түшүүсүнө арналган маскалар…

Чач түшүүнүн алдын алуу үчүн эмне кылыш керек? Ал үчүн сизге төмөнкү кеңештер жардамга келет. Бул маскаларды жумасына бир-эки ирет жасап туруу абзел.

Жумуртканын сарысы жана бал

Бир аш кашык уйгак майы (репейное масло) менен бир аш кашык бал жана эки жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз. Даярдалган аралашманы чачыңызга сүйкөп, бир сааттан кийин аны жууп саласыз.

Зайтун майы

Стакандын төрттөн бир бөлүгүнө зайтун майын куюп алып, аны жылуу сууга салып жылытып аласыз. Жылытылган майды чачыңыздын түбүнөн тарта массаж ирээтинде сүйкөйсүз. Сүйкөп бүткөндөн кийин чачыңызды желим баштык менен ороп, башыңызга калың баш кийим кийип аласыз. Эки сааттан кийин аны жылуу суу менен жууп салуу керек.

Бал, коньяк, алоэ жана жумуртканын сарысы

Ал үчүн алоэнин согун сыгып алып ага бир аш кашык бал, бир аш кашык коньяк жана жумуртканын сарысын кошуп жакшылап аралаштырып аласыз. Даяр болгон аралашманы чачка сүйкөп, жарым сааттан кийин жууп салуу кажет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу