Чачка көлөм берген маска…

Бул масканы колдонгондон кийин чач жакшырып, жумшак жана жибектей назик боло түшөт. Аны даярдаш үчүн жарым стакан айран, ага 1 жумуртка жана 1 чай кашык какао порошок кошуңуз. Жакшылап аралаштырып, чачтын түбүнө сүйкөңүз. Ал кургаганча бир аз күтө туруп, кайрадан сүйкөңүз. Ушунтип 3-4 жолу жасап масканы коюңуз. Андан соң жылуулап башты ороңуз. 20-25 мүнөт күтө туруп, жылуу суу жана балдар шампуну менен жууңуз. Ал эми чалкан менен чайкап коюңуз.

Бул масканы жумасына 2-3 жолу жасап туруңуз. 2-3 айдан кийипн чачыңыз калың болуп баштаганын байкайсыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу