Чаткалды каптаган коррупция. Таштан башкасынын баарын “жеген” аким качан кусат?

Алыскы Чаткал району белчесинен коррупцияга батып турат. Акимге берилчү суроолор да көп, иликтенчү иштер да алдыда.

Депутат Аида Касымалиева депутаттардын эл менен жолугушуу учурунда алыскы Чаткал районуна барып келгенин айтты. Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында эл өкүлү тоолуу районду каптаган коррупция жана калктын көйгөйлөрүн алып чыкты.

“Чаткал бай район. Анда кен иштеткен компаниялар көп. Бирок, ага карабай райондо социалдык маселелер абдан арбын экен. Мен бир гана нерсени айтайын, райондук оорукананын акыбалын көрсөң ыйлагың келет. Полдору тешилген, оңдоо иштери болбогону нечен жыл болуптур. Ошол кулачудай болгон дубалдын ортосунда, жыртык полдордо дарыланып жаткан кичинекей балдар чуркап жүрүшөт”, – деди депутат.

Айтымында, бул маселе боюнча өкмөткө кат жазган. Бирок, өкмөттөн келген жооп кубандыраарлык эмес. “Бул жылдагы бюджетте каралбаган, кийинки жылдын бюджетине киргизилиши деле күмөн” деген жооп келген.

“Чаткалдын өнүктүрүү фондунда 10 миллион сом бар экен. Анын баары эгер социалдык мекемелерди оңдоп кое алышпаса, кайда кетип жатат? Бул акимге берилчү суроо. Ага дагы толтура суроолор бар. Бул боюнча калтырбайм, баарын тактап, иликтейм”, – деп ачууланды депутат айым.

Ошондой эле, депутат Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевдин коррупциялык ишине кримчөйрөнүн өкүлдөрү аралашкан деген божомолун билдирди. Айтымында, “Азаттык” Чаткалдагы коррупция боюнча көрсөтүү жасаган, бирок ал эфирден кетер күнү, аз убакыт калганда, кечки саат 6дан кийин аким жалпы райондун жарыгын өчүрткөн.

“Эмнеге өчүртөт? Өзүнүн жасаган терс иштерин эл көрбөсүн дегениби? Мен муну дагы тактайм”, – деди Касымалиева.

Ошондой эле, ал аталган райондогу жаш дарыгерлердин маселесине да көңүл бурду.

“Мурда барганымда ординатураны бүтүп келген жаш жигит-кыздар дарыгер болуп иштеп башташканына кубандым эле. Эми алар да ыйлактап жатышат. Дарыгер болуп иштейбиз, депозитке илинип калсак, болбосо ишкерчиликке кетебиз дешти. Акыркы үч жылда дарыгерлердин депозитине канча акча бөлүндү, ал Чаткалдагы дарыгерлерге тиешеси барбы?” – деген депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Мойдуновго суроо узатты.

Чаткал районунда алтын өндүрүү боюнча 101 лицензия берилген. Бирок, азырынча 8 чакты компания ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Басымдуу бөлүгү кытайлык компаниялар. Райондун акими Канжарбек Эшалиев тууралуу буга чейин да мезгил-мезгили менен маалыматтар жарыяланып келген. Жергиликтүү эл кытайлык компаниянын ишине экологияны бузуп жатканын негиз кылып каршы чыгышкан. Бирок, аким өз кызыкчылыгы үчүн элдин талабын эмес, компаниялардын таламын талашканы айтылган.

Булак: Мезгил Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу