Чаткалда сел жүрүп, жүк ташуучу унааны басып калды

Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолу саат 23:30дан баштап эки тарабынан жабылды. Унаа жолду кум-шагылдан тазалоо иш-чаралары бүгүн башталат.

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында кум-шагыл аралаш сел жүрүп, Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны басып калгандыгын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

                                                                                       Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында кум-шагыл аралаш сел жүрүп, Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны басып калган

Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 26-32-чакырымдарындагы Кош-Көпүрө участкасында катуу жааган жаандан улам коктудан кум-шагыл аралаш сел жүрдү. Сел басып калган унаанын ичинде айдоочу жана жүргүнчү болгон. Бактыга жараша, алар жабыр тарткан жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ошол эле жолдон дагы эки жеңил унаа селдин туткунунда калган. Бирок алардын ичинде канча адам болгондугу азырынча белгисиз. Анткени куткаруучулар барган учурда унаанын ичинде эч ким жок болуп чыккан.

Жалал-Абад ОИИБ жетекчисинин буйругу менен Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолу саат 23:30дан баштап эки тарабынан жабылды. Жолду кум-шагылдан тазалоо иш-чаралары бүгүн башталат.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу