«Чала спортик» Эмил Эсеналиев: «Келинчегим экөөбүз канча кыйын күнгө чыдадык…»

Эмил Эсеналиев жубайы тууралуу өздүк баракчасына төмөнкүчө өз оюн билдирди: “Эң биринчи жолу сүйлөшкөндө эле «Ааа, бул кыз меники экен» деп билгем…
Туулган күнүң кут болсун, Жаным
Көз тийбесин, арманым жок. Ыраазымын. Кандай гана күндөр өттү аз убакытта.
Жаңы үйлөнгөндө аябай эле кыйналдык… Айгеримдин жалгыз самсунг телефонун экөөбүз көтөрөбүз. Боюнда бар болсо да «Муну жейм, тигини ичем» дебей, түшүнүү менен кабыл алып… Иииий Каткем, сүйөм сени… Хамза төрөлөөрдө ишенсеңер бир тыйыным жок. Эч кимге жалдырап баргым келбей отурсам Айка мага келип, эч нерсени билдирбей «Жан, мен алтынга такыр кызыкпайм. Шакек, сөйкөмдү сатып балага жалаяк, аны мунусун албайлыбы?» деди. Мен да унчукпай, барып сатып алдык. Азыркы заманда аз го мындай акыл эстүү кыздар… Канча кыйын күнгө чыдадык, буйруса азыр Кудайга шүгүр. Кыйналганыңды айтыштын уяты жок. Ошону жеңе албай калган уят!
Алдыда аман болсок көп кызыктуу күндөр бар, ден соолук сага.
Сен мыкты Адамдардын кызысың!!! Унутпа!!! Сен Марат Козукеев деген өтө мыкты Адамдын кызысың!!! Жөнөкөйлүгүңө рахмат!!! Канча ийгиликке жетсем, ошонун артында сен турасың!
Жаш жубайларга кайрылуу: Биринчи жылдарда кыйын болот, ошого чыдасанар андан кийин ширин болот!”, -деп жазып калтырды.

Мындай билдирүүгө интернет колдонуучулар суктануу менен карап, эки жашка бакыт каалашты.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу