Келдибеков чала жан арстандын мурдуна чыгып ойногон келемиштин образындабы?

Соңку убакта Ахматбек Келдибеков ар кайсы маалымат булактарынан Алмазбек Атамбаевди байма-бай сындап, асыресе,  табалап, шылдыңга алганга чейин барууда. Эл болсо байкоо  салып турат. Кызыгы, Атамбаевдин ооматы тайыган кезде Келдибеков таштын жаракасынан  чыга калгандай болуп, минтип төө бастыга алуу аракети оңунан чечилбей кайра өзүнө сокку болууда. Акыл парасаты жетиштүү адамдар мыйыгынан жылмайышууда эй.  Себеби, АША күчүндө турган кезинде Ахмат мырза ачык сын айтып,  кармашууга барса,  анда, оппозиция лидери катары бааланмак. Тескерисинче,  ал кулагын жапырып, куйругун кыпчып жүргөн да. Маселен,  Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаев, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов ж.б. саясатчылар айыгышкан каршылашууга өтүшүп,  камакка алынышкан. Албетте, булардыкы эрдик! Ал эми Келдибековдун жөнү башка болууда. Чала жан арыстандын мурдуна чыгып ойногон келемиштин образын чагылдырууда. Мындай ашык сүрөттөөнүн кажети барбы? Калк тараза кимдин ким экенине  оңой эле баа берет эмеспи.

БУЛАК: АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу