Чабал өкүл Кыянбек Сатыбалдиев чайналганда…

КСДПнын «чырпык кадры», өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы чабал өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев  килейген облустун түйшүгүн тартууда кыйналып, кашаңдыгын байкатып койду.  Эски режимди канчалык жамандаганыбыз менен бийлик бул облуска кезегинде Султан Урманаев, Жусупжан Жээнбеков сындуу тажрыйбалуу кадрларды жөнөттү эле. А азырчы?  Резюмесинде тыңгылыктуу эки сап жазылбаган Кыянбегиңер колунан келишинче канчалык аракет кылганы менен көрөңгөдө тажрыйба, татыктуу билим болбосо, башың менен жер казсаң да эмнени кыйратмак элең. Кырктын кырындагы губернатор андан көрө коомчулук өкүлдөрүнөн качпай, журналисттерге ачык болсо, куру намысты жыйыштырып, тажрыйбалуу агаларынан намыс кылбай кеңеш сурап, ишти тартса болбойт беле?

Булак: Азияньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу