ЦУМда каза болгон кишини сатуучу сабап салган учуру видеого түшүп калган

Окуя кечээ Бишкектеги » Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүндө болгон.

Бишкектеги «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүндө (ЦУМ) каза болгон кишини сатуучу чаап жиберген учуру видеого түшүп калган.

Окуя кечээ ЦУМда болуп, 42 жаштагы киши каза болгон.

Видеодо маркум менен сатуучунун сүйлөшүп турганын, бир аздан кийин сатуучу бери чыгып кишини бет тушка эки жолу чаап, тээп жибергенин көрүүгө болот. Киши жерге кулап калганда да тээп калууга үлгүргөн. Аларды күбөлөр ажыратып калышкан.

Социалдык тармакта тараган видео чынында эле ошол окуянын видеосу экенин укук коргоо органдарындагы булак тастыктады.

Ал эми милиция тараган видео боюнча түшүндүрмө бере элек.

Бул окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин денеге атайылап залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Маркумдун денесинде тактар бар экенин эксперттер буга чейин айтышып, ал көгалалар жаңы же эски экени текшерилмек.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу